Биз менен байланышыңыз

Эл аралык баа: Кыргызстанда коррупция менен күрөш натыйжалуу эмеспи?

Экономика | 1 Фев 2024 | 815 | 0

Transparency International (TI) эл аралык уюму 2023-жылдагы коррупциянын дүйнөлүк индексин жарыялады. Кыргызстан бул рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 141-орунга жайгашты. 2021-жылы 144-орунда, 2022-жылы 140-катарда болгон. Өлкөдө коррупциянын жоюлбай жатканына эмне себеп болууда? Эл аралык уюм эмнелерге таянып, мындай тыянакка келиши мүмкүн?

Transparency International эл аралык уюму 1995-жылдан бери мамлекеттердеги коррупциянын көрсөткүчүн изилдеп, индексин чыгарып келет. Аталган эл аралык уюмдун өткөн жылдагы жыйынтыгы боюнча Кыргызстан бир баскычка артка жылды.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай эл аралык уюмдун статистикалык маалыматын комплекстүү кароо керектигин белгиледи.

Ал Кыргызстандын бул рейтингде бир баскычка түшүп кетишине бийликтин борборлошуп кеткенин жүйө келтирди.

Айтуусунда, бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык көйгөйүн чечүү бир адамдын мойнунда. Ошол эле учурда бийликте кадр маселеси курч бойдон калууда.

Мындан сырткары өлкөдө «кылмыш иши көп санда козголсо, коррупция азаят» деген түшүнүк бар экенин белгиледи. Саясат талдоочу эл аралык уюм эмнелерге таянып, мындай жыйынтыкка келгенин төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

«Transparency International – эл аралык уюм. Буларда илимий методология айкын. Уюм мамлекеттик органдардын иштеп жатканын, функционалдуулугун, башкача айтканда, бардыгын комплекстүү карап, анан баа берет. Кыргызстандын бир баскычка түшүп кетишине дагы бир негиз бар. Бир фактыны айтсам, Грузиянын коррупцияны азайтуу максатында жүргүзгөн иштеринин 2010-жылдагысы менен Кыргызстанды салыштырып көргөнбүз. Коррупцияны жеңген Грузияда көп деле адам камалбаптыр. Ошол эле учурда Кыргызстанда 6 миң кылмыш иши козголуптур. Бул көрсөткүч Грузияныкына салыштырмалуу кыйла жогору болуп чыккан. Бизде «кылмыш ишин көп козгосок, коррупция азаят» деген түшүнүк бар. Бирок маселе анда эмес. Негизи алдын алуу маанилүү. Коррупция болуп кетпей тургандай системага түшүү керек. Бири-бирин көзөмөлдөп туруу зарыл. Тилекке каршы, бизде андай болбой, бир адамдан көз каранды болуп жатат. Ошондуктан кадр маселесинде да аксап жатабыз. Бийликте кадр маселеси курч турат».

Буга чейин президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланарын жана мындан ары да күчөтүлөрүн экинчи Элдик курултайда билдирген.

Мамлекет башчы учурда коррупцияга каршы иш-чаралар катуу жүрүп, миллиарддаган акча мамлекеттик казынага кайтарылып жатканын айткан.

Саясат талдоочу Эмил Жороев эл аралык уюмдун көрсөткүчүндө Кыргызстан бир тепкичке артка кеткенин кескин түрдө начарлап кеткен жыйынтык катары баалабайт. Бирок өлкөдө коррупция менен күрөшүүдө оң жетишкендиктер болду дегенден алыс.

Жороев «Бийлик тарабынан коррупцияга каршы катуу күрөш жүрүп жаткан болсо, эл аралык рейтингде эмне үчүн Кыргызстан алдыга жылбай, кайра артка кетти?» деген суроо тууларын белгиледи.

«Кыргызстан Transparency International эл аралык уюмунун индексинде бир баскычка ылдыйлады. Буга жараша упайлары да азайды. Бирок бир чети кескин түрдө азайды десек, аша чапкандык болуп калат. Эң маанилүүсү: «коррупция азая баштады же оң натыйжага жетише баштадык» деген нерсе жок. Мамлекет башчысы, жетекчилик: «Коррупцияга каршы аёосуз күрөш алып барып жатабыз», — деп жатышат. Ошондой эле жыл сайын ар кандай күч органдары тарабынан коррупцияга аралашкан адамдарга карата күрөш жүргүзүлүп келет. «Эгер буга чейин болуп көрбөгөндөй күрөш жүргүзүлүп жатса, эмне үчүн бул эл аралык рейтингде биздин көрсөткүч оңолмок турсун, начарлап кетти?» деген суроо туулат».

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматта иштеп туруп коррупцияга аралашкандар катаал жазага тартыларын айткан.

Анын маалыматына караганда, өткөн жылдын биринчи жарымында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 831 материал катталган. Экономикалык кылмыштардан бюджетке 6 миллиард сомдон ашык каражат түшкөн.

2020-жылдын 10 айына салыштырмалуу бюджетке 120 миллион сом түшсө, өткөн жылы алты айда 6 миллиард сом түшкөн.

Экономист Төлөнбек Абдыров эл аралык уюмдун бул изилдөөсүн Кыргызстандагы коррупциялык абалды толук камтыган жыйынтык деп баалоодон алыс болууга чакырат.

Ал өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү багытында аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат кеңири жайылтылып турушу керектигин сунуштады.

«Кыргызстанда акыркы мезгилде коррупцияга каршы күрөшүү багытында катуу иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Чоң суммадагы каражаттар мамлекеттин капчыгына кайтарылууда. Мурда кызматта тургандардын көпчүлүгү кармалды. Бири-бири менен байланышып калган нерселердин баары ачыкка чыгып жатат. Күндө ушундай жумуштар аткарылууда. Коррупция менен мамлекет күрөшүп келе жатат. Бирок көрсөткүчтөрдүн артка кеткенинин себеби маалымат чөйрөсүндөгү иш менен жетиштүү алектенбей, уттуруп коюудабыз. Негизи мындай иштерди ачыкка чыгаруу керек. Орусча, англисче да маалыматтарды берүү зарыл. Элге кеңири жайылтуу иштерин жүргүзүү керек».

Ал эми экономист Искендер Шаршеев өлкөдө мамлекеттик мекемелер канчалык көп болсо, коррупция ошончолук күч аларын белгиледи.

«Мамлекеттик мекемелер, кызматкерлер канчалык көп болсо, ошончолук коррупция көбөйө берет. Аны жеңүү мүмкүн эмес. Кайсы өлкөдө коррупция аз десеңер, бийлик менен жеке секторлор, коомчулук чогуу иш алып барган, экономикага тиешелүү кызматтарды жеке секторго тапшырган өлкөлөрдө аз. Буга бир топ өнүккөн мамлекеттер мисал боло алат. Мамлекет өзүнө бир гана укук коргоо жана мамлекеттик саясатты башкаруу функцияларын эле алып калышы керек. Мындай мамлекеттерде коррупция азыраак болот».

Кыргызстан Transparency International эл аралык уюмуна 1999-жылдан тарта кошулуп, ал жылы 22 упай алып, 99 мамлекеттин ичинен 87-орунду ээлеген. Ортодо үч жыл иликтенбей калып, 2004-жылдан тарта кайрадан туруктуу изилдене баштаган.

Кыргызстан ошондон бери 30 упайга бир эле жолу жеткен. Ал коррупция индексинин жогору экенин билдирери уюмдун маалыматында айтылат.

Коррупция индекси 0 упайдан 100 упайга чейин эсептелет. Бул жылы 90 упай алган Дания, 87 упай алган Финляндия, 85 упай алган Жаңы Зеландия, 84 упай алган Норвегия, 83 упай алган Сингапур коррупциясы аз өлкөлөрдүн алдыңкы бештигин толуктады.

Борбор Азия мамлекеттери боюнча Казакстан 39 упай алып, 93-орунга жайгашса, Өзбекстан 33 упай алып, 121-орунду ээлеген. Ал эми Тажикстан 20 упай менен 162-орунду, Түркмөнстан 18 упай менен 171-орунду алган.

Copyright © 2017 Maral FM