Connect with us

Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү млрд доллардан ашты

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 219 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов менен жолугушуу өткөрдү.

Акылбек Жапаров Кыргызстан Казакстан менен өз ара ишенимге жана түшүнүшүүгө негизделген өнөктөш алаканы дагы да тереңдетүүгө кызыкдар экенин айткан.

«Ич ара сооданын жана инвестициянын көлөмү жыл сайын өсүп, ишкердик, илимий жана маданий байланыштар активдешүүдө. Өкмөттөр аралык кеңештин алкагында кыргыз-казак кызматташтыгын узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиялык максаттары, концептуалдык мамилелери жана багыттары талкууланууда. Биздин өлкөлөр ортосундагы жигердүү кызматташтык көп тараптуу платформаларда жүргүзүлүүдө», — деген ал.

Ал эми Алихан Смаилов Кыргызстан Казакстандын стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеген.

«Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилеп кетүүнү маанилүү деп эсептейм. Өткөн жылдын 11 айында эле ич ара соода жүгүртүү 12%га өсүп, 1 млрд 300 млн долларга жеткен. Өкмөттөр мамлекет башчылары милдеттендирген товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы боюнча ишти улантууда. Биз мындан ары казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүн бардык багыттар боюнча колдоого даярбыз», — деген Казактандын премьер-министри.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанга иш сапар менен бүгүн барган. Ал Алматы шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана Digital Almaty 2024: Индустрия X эл аралык санарип форумуна катышат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM