Connect with us

Дүйнөлүк банк «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга 500 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 313 | 0

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда «Камбар-Ата-1» ГЭСи долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси, долбоорду ишке ашыруу, айрыкча Дүйнөлүк банк бөлө турган 500 млн долларга кайсы иштер жасалары талкууланган.

Айта кетсек, кечээ Дүйнөлүк банктын гидроэнергетика, тосмо, социалдык өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, сатып алуу тармактары боюнча адистери «Курулуп жаткан ГЭСтер» ачык акционердик коомунун директору Таалайбек Толубаев менен биргеликте «Камбар-Ата-1» ГЭСнин курулуш долбоорун жеринде көрүп келишкен.

Сапардын алкагында техникалык-экономикалык негиздемеден тышкары экономикалык, экологиялык суроолорго жооптор алынган, ГЭС курууга даярдыкты көрүшкөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM