Биз менен байланышыңыз

Ноокенде кооптуу жайга мыйзамсыз базар ачып алууга шектүү кармалды

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 305 | 0

Ноокен районунда мыйзамсыз базар ачып, ижара акы чогултуп жүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

2010-жылы Ноокен районунун тургуну Масы айылындагы Эски-Масы-Сай каналынын жээгине кийим-кече базарын мыйзамсыз ачып, контейнерлерди коюп, айына 3 миң сомдон 7 миң сомго чейинки суммада ижара акы чогултуп келген.

Базар ачылган жер каналдын жээги болгондуктан, кооптуу аймак катары эсептелип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суу-сел ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн көзөмөлүндө турган.

Базарга аудит жүргүзгөн адистер зыяндын жалпы суммасы 7 млн сомдон ашык экенин эсептеп беришкен. Анын негизинде иш козголуп, базардын кожоюну О.А.М. камакка алынган.

Учурда тергөө жүрүп жатканы, мыйзам бузууларга барганы үчүн Жалал-Абад облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын суу-сел ташкындарынан коргоо бөлүмүнө юридикалык баа берилери айтылган маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM