Connect with us

Өлкөдө эркектердин ден соолугун текшерүү өнөктүгү башталды

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 265 | 0

Өлкөдө эркектердин ден соолугун текшерүү өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бир айга жарыяланган «Жооптуу бол!» өнөктүгүнүн алкагында 18 жаштан жогорку курактагы эркектер жүрөк-кан тамыр, рак, өпкө оорулары боюнча өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде текшерүүдөн өтө алышат.

Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка караганда, 2022-жылы көз жумгандардын 52,1%ы жүрөк-кан тамыр оорусуна, 12,2%ы ракка, 5,5%ы өпкө ооруларына чалдыккандар болгон.

Бул дартка көбүнчө туура эмес тамактангандар (өзгөчө тузду көп, жашылча-жемиштерди аз колдонгондор), тамеки чеккендер, алкоголду ашыкча ичкендер, аз кыймылдагандар же таптакыр кыймылсыз отура бергендер кабылат.

Өнөктүктүн негизги максаты да ооруну болтурбоо чараларын көрүү же оорунун өөрчүп кетишине жол бербөө болуп саналат.

Өткөн жылдагы бир айлыктын алкагында 367 миңден ашуун эркек текшерүүдөн өткөн. Алардын 79 миңи баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына буга чейин эч качан барышкан эмес же акыркы үч жылда биринчи жолу кайрылышкан.

Айта кетсек, өнөктүк алгачкы ирет 2019-жылы Швейцариянын «Жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун алкагында Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында өткөрүлгөн.

Өнөктүктүн андагы ийгилигин эске алган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жыл сайын февраль айында эркектердин ден соолугун текшерип туруу боюнча буйрук чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM