Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ракка каршы күрөшүү күнү белгиленүүдө

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 182 | 0

Жыл сайын 4-февралда Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү белгиленет. Иш-чара онкологиялык оорулардын алдын алуу жана эрте аныктоо максатын көздөйт.

Алдын алуучу кароодон үзгүлтүксүз өтүп туруу жана курагына жараша текшерилүү залалдуу шишиктердин алдын алууга же ооруну эрте баскычында аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Дарыгерлер рак канчалык эрте аныкталса, ийгиликтүү дарылануу мүмкүнчүлүктөрү ошончолук көп экенин айтып келишет.

Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен «Текшерилүүгө убакыт жетти! Рактан бир кадам алдыда болгула!» деген аталышта иш-чара өткөрдү.

Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев өлкөдө аялдар арасында жатын моюнчасы рагы менен ооругандар биринчи орунда турарын белгилеп, буга байланыштуу алдын алуу жаатында атайы эмдөө жүргүзүлүп келерин билдирди.

«Өткөн жылы биз папиллома вирусуна каршы эмдөөнү киргизгенбиз. Азыр 11-13 жашка чейинки кыздар эмдөөнү акысыз ала алышат. Бул эмдөө келечекте эне статусуна ээ боло турган кыз-келиндерди рак оорусунан сактайт. Оорунун алдын алуунун эң негизги жолу ар бир кыз өзүнүн ден соолугу үчүн эмдөөдөн өтүшү зарыл. Кыргызстанда аялдар арасында биринчи орунда жатын моюнчасынын, ал эми экинчи орунда сүт безинин рагы кеңири таралган», — деди ал.

Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миңге жакын жаңы учуру катталат. Кыргызстан рактан каза болгондордун саны боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM