Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө 13 млн 760 миң сомдук жер мамлекетке кайтарылды (видео)

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 188 | 0

Каракол шаарындагы 22 сотых 75 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, айтылган чарбалык жер тилкесин «Ак-Жол Болсун» жоопкерчилиги чектелген коому мыйзамсыз ээлеп алган.

Бул факты боюнча берилген доо арызды биринчи инстанцияда облустун административдик соту, экинчи инстанцияда облустук соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясы карап чыккан.

Натыйжада эки инстанция тең «13 млн 760 миң 900 сомго бааланган жер тилке мыйзамсыз алынган» деп таап, мамлекетке кайтаруу чечимин чыгарып беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM