Биз менен байланышыңыз

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине таандык унаалар кырсыкка кабылды

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 208 | 0

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине таандык эки унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» окуяга күбө болгон кабарчысы билдирген.

Кырсык бүгүн, 1-февралда Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында болгон.

Кытайдын элчиси Ду Дэвэндин да ошол жерде жүргөнүн тастыктаган сүрөт да жарыяланды. Элчиликке тиешелүү BMW үлгүсүндөгү эки унаа Hyundai Sonata унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын күнөөкөрлөрү, унааларда кимдер баратканы белгисиз экени, жеринде жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер иш алып барып жатканы айтылган маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM