Биз менен байланышыңыз

Парламентте тиш доктурда чарчап калган наристе тууралуу маселе көтөрүлдү

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 157 | 0

Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жыйынында тиш доктурда чарчап калган кыз тууралуу маселе көтөрүлдү. Депутат Камила Талиева наристенин өлүмүнөн кийин кармалган дарыгердин үй камагына чыгарылышын сындады.

Ал бул маселени көзөмөлгө алууга чакырды.

«Сот врачты анча оор эмес кылмыш деген негизде үй камагына чыгарыптыр. Наристенин өлүмү оор эмес кылмышка киреби? Президенттен суранабыз, бул маселени дыкат карашыбыз керек» , — деди депутат.

Ушундай эле талап менен чыккан депутат Айбек Осмонов бардык стоматологиялык клиникаларды көзөмөлгө алууга чакырды.

Дагы бир депутат Кундузбек Кошалиев дарыгерлердин айлык маянасын көтөрбөсө мындай кейиштүү окуялар каттала берерин белгиледи.

Бишкек шаардык соту 31-январдагы чечими менен стоматологиялык клиникада чарчап калган 3 жашар кыздын өлүмүнө айыпталып кармалган анестезиолог Т.А. ны үй камагына чыгарды.

Шаардык соттун маалыматына караганда, соттук коллегия шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экенин, ага коюлуп жаткан айыптын өтө оор эмес категорияга киргенин эске алып, аны үй камагына чыгарган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 13-январда дарыгерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

2023-жылдын 18- декабрында Бишкекте стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда чарчап калган. Буга байланыштуу иликтөө комиссиясы түзүлгөн. Комиссиянын корутундусунун негизинде клиника убактылуу жабылып, дарыгерлер жумуштан алынган.

Соттун мындай чечиминен кийин наристенин чоң апасы Айгүл Исакова бийлик өкүлдөрүнө өзүн кабыл алуусун талап кылды.

Copyright © 2017 Maral FM