Биз менен байланышыңыз

Көлбаевдин тобу алып койгон «Каракол» паркындагы жер тилке мамлекетке өттү

Кыска кабар | 1 Фев 2024 | 157 | 0

Кримтөбөл Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) уюштурган кылмыштуу топ мыйзамсыз алып койгон «Каракол» жаратылыш паркындагы жер тилке мамлекеттин карамагына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Жерди мамлекетке өткөрүү Камчыбек Асанбектин уюштурган кылмыштуу топтун мыйзамсыз алынган кирешелерин аныктоо чараларынын алкагында жүргүзүлгөн.

Иштин жүрүшүндө «Каракол» лыжа базасынын жанындагы престиждүү аймактан баасы болжолдо 10 млн сомдук 2 гектар жер тилкеси табылган.

«Аталган жер участогуна лыжа туристтик базасын куруу пландаштырышкан, бул уюшкан кылмыштуу топко олуттуу суммадагы каражат алып келмек», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Көлбаевге жана анын тобуна таандык мүлктү издөө, мамлекетке кайтаруу иштери улантылып жатканы айтылган билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM