Биз менен байланышыңыз

2023-жылы 33 адам каза болгон. Абактагы дарылануу шарты кандай?

Коом | 1 Фев 2024 | 425 | 0

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагылардын медициналык жардам алуу шарттары менен тааныштырды. Мекеменин карамагында 10 медициналык-санитардык бөлүм, 4 ден соолук борбору, №31 мекеменин алдында 315 орундуу 1 оорукана бар. Ал жерлерде жазасын өтөп жаткан эркектерге бардык медициналык жардамдар берилет. Ал эми аялдар алгач түзөтүү абагында текшерилип, андан кийин зарыл болгон учурда Чүй облустук ооруканасына жөнөтүлөт. Ошондой эле эки наркоборбор иштейт.

Жеңишбектин жазасын өтөп жатканына 11 жыл болду. 27-февралда абактан бошотулат. №31 мекеменин астындагы ооруканада бутунан операция болуп, дарыланып жатканына эки жума болду. Буга чейин да үч жолу ушул эле ооруканадан медициналык жардам алган.

«Мөөнөтүм бүтөрүнө аз гана убакыт калды. Кудай буюрса, ушул жылдын 27-февралында чыгам, «эркиндикке чыгасың» деген кабарды күтүп жатам. Жаза өтөп жатканыма 11 жыл болду. Ал аралыкта бул ооруканага үч жолу кайрылдым, шарты жакшы, эч кандай арыз-муңум жок. Бул жолу бутум ириңдегенинен кайрылгам, операция болдум. Эки жумадан бери бул жактамын, жакында кетем. Күндө үч убак ысык тамак берет, шүгүр». 

№31 мекеменин астындагы ооруканада бүгүнкү күндө 169 адам дарыланууда. Баңгизат жана алкоголь колдонгондор үчүн «Атлантик» реабилитациялык борбору иштейт. Ал жердеги 18 адам дарыгердин көрсөтмөсү менен алты айга чейин кармалат. Ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратылган 44 жаран да дарыланып жатат.

ЖАКтын №31 дарылоо-түзөтүү мекемесиндеги оорукана 315 орунга ылайыкталган, анын ичинде:

  • хирургия бөлүмү – 60 орун;
  • көп тармактуу бөлүм – 115 орун;
  • психиатрия бөлүмү – 25 орун;
  • кургак учук бөлүмү – 50 орун;
  • жугуштуу оорулар бөлүмү – 30 орун.

Ооруканада рентген-аппарат, ЭГДС, УДИ, ЭКГ коюлган, ошондой эле стоматология кабинети, бактериологиялык жана клинико-биохимиялык лаборатория иштейт.

Мекемеге жыл сайын медициналык камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 11 млн сом бөлүнөт.

Оорукананын жетекчиси Азиз Алиевдин айтымында, бардык медициналык жабдыктар жетиштүү. Бирок МРТ жана гемодиализ аппараттары жок болгондуктан, бейтаптарды сырткы ооруканаларга алып чыгып, текшертүүгө туура келет.

«Биздин мекемеде оорулардын бардык түрү менен боюнча бейтаптарды кабыл алабыз. Алгач бейтаптар жаза өтөп жаткан мекемедеги дарыгерге кайрылат, ал карап, жеңил болсо ошол жерде эле дарылайт. Эгер абалы оор болсо, бул жакка которулат. Заманбап үлгүдөгү медициналык жабдыктардын баары бар. Хирургиялык, трамвалык операцияларды жасайбыз. Бирок кээ бир татаал операцияларды жасай албайбыз. Бүгүнкү күндө бизде МТР жана гемодиализ аппараттары жок болуп жатат. Аларга муктаждык жаралган учурда бейтаптарды сыртка чыгарып, текшертип келебиз. Мекеменин өзүнүн бир тез жардам унаасы бар».

Кургак учукка кабылган бейтаптар оорунун абалына жараша өзүнчө бөлмөлөрдө дарыланып, тамак-ашы дарыгердин көзөмөлүндө болот.

№31 мекеменин ооруканасындагы лаборатория

Кургак учук менен ооруган бейтаптарга берилүүчү сары май

№2 АЯЛДАРДЫН ТҮЗӨТҮҮ МЕКЕМЕСИНДЕ АБАЛ КАНДАЙ? 

75 жаштагы бейтап (каарманыбыздын суранычы менен атын берген жокпуз) эки жарым ай мурда кулап түшүп, бутун кокустатып алган. Андан бери дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, бүгүн Чүй облустук ооруканасынан текшерилип келген.

«№2 түзөтүү абагына киргениме тогуз айдын жүзү болду, жакында чыгам, буюрса. Эки жарым ай мурда бутумду кокустатып алгам. Дарыгерлер эч кандай операция жасоонун кажети жок экенин, жөн гана төшөктө жатуум керектигин айтышты. Бул жерде кызматкерлер, дарыгерлер жакшы карап жатат, эч кандай арыз-муңубуз жок». 

№2 аялдардын түзөтүү мекемесинде бүгүнкү күндө 200гө чукул соттолгон жаран бар. Алар ооруп калган учурда алгач түзөтүү абагындагы ооруканага кайрылып, текшерүүдөн өткөн соң, дарыгердин көрсөтмөсү менен ошол жерде дарыланат же абалына жараша Чүй облустук ооруканасына жиберилет. Жанында сөзсүз түрдө коштоп жүрүүчү кызматкер болот.

№2 аялдардын түзөтүү мекемесинин жетекчиси Улан Абдыкеримовдун айтымында, бейтаптар кааласа, жеке менчик клиникаларда дарыланууга укугу бар.

«Биздин мекемеде 32 кишиге ылайыкталган, бардык шарты менен курулган оорукана бар. Ал жерде гинеколог, тиш доктур, терапевт иштейт. Аялдар ооруп калса, ушул жерде дарыланат. Бейтаптын абалы оор болуп, же операция зарыл болуп, бизде кароого мүмкүн болбосо Чүй облустук ооруканасына жөнөтөбүз. Кечээ бир бейтапты жөнөттүк. Бүгүн да бир кош бойлуу аялды жөнөткөнү турабыз». 

Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков түрмөлөрдөгү медициналык жардам көрсөтүүнүн абалы боюнча буларга токтолду:

«Бүгүнкү күндө абактардагы медициналык жардам көрсөтүү канааттандырарлык. Бирок алдыда жасай турган көп иш бар, көйгөйлөр бар. Анткени медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги, кээде жапырт ооруган бейтаптар болот, ошол учурда жогорку даярдыктагы дарыгерлер керек болуп калат. Ошондуктан дарыгерлердин да квалификациясын көтөрүп, окутуубуз керек. Абактагы жарандардын ооруп калышынын бирден-бир себеби: көп учурда стресске түшүп калышат. Аларга убагында медициналык жардам көрсөтүү керек. Ошондой эле абактагы абалдын да таасири бар. Биз бул жаатта иш алып баруудабыз, эскилиги жеткен түзөтүү мекемелерди жаңы куруп, шарттарды түзүүгө аракет жасап жатабыз».

2023-жылы жалпы абакта кармалган 33 жаран каза болгон, анын ичинен 7 жаран №31 мекеменин ооруканасында көз жумган. 2024-жыл бир бейтап кургак учуктан каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM