Connect with us

Садыр Жапаров футбол уюмунун жетекчилигине Ташиевди сунуштады

Кыска кабар | 31 Янв 2024 | 338 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде Кыргыз футбол бирикмесинин жетекчилигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди сунуштаганын айтты.

Ал акыркы убактарда футболду өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлүп, ырааттуу каржылоо башталганын, мурда каржы маселеси толук чечилбей келгенин белгиледи.

«Былтыртан бери каржы маселесин чечип келе жатабыз. Стадиондорду дүйнөлүк стандартка ылайык келтирип, жаңылай баштадык. Быйыл беш миллион доллар акча бөлүп берели деген ниеттебиз. Кыскасын айтсам, жыйынтыгын жок дегенде үч-төрт жылдан кийин күтөлү. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруу керек. Тартип болушу керек. Аны жакшы билебиз. Ошол үчүн кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке «Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы» деп сунуш кылдым», — деди Жапаров.

Кыргыз футбол бирикмесинин жетекчиси Медербек Сыдыков 29-январда кызматтан кетти. Ал бул чечим ата мекендик футболду өнүктүрүүгө жаңы дем берүү, ошондой эле футбол уюмунун башкаруу командасына жаңы адамдарды тартуу зарылдыгы менен негизделгенин айткан.

Медербек Сыдыков Кыргыз футбол бирикмесин 2021-жылы октябрынан бери башкарды. Футбол уюмунун кезексиз жыйыны 19-февралда өтүп, президенти жана аткаруу комитети шайланат.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы быйыл Катарда өткөн Азия Кубогунда F тайпасында Таиланд, Сауд Арабия жана Омандын курама командалары менен ойноду. Таиланд менен Сауд Арабияга 0:2 себинде утулуп, Оман менен тең чыкты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM