Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерде салык чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөр боюнча маалыматтар жетишсиз

Экономика | 30 Янв 2024 | 864 | 0

Бүгүн борбор калаада II улуттук салык форуму болуп, анда катышуучулар салык чөйрөсүндөгү бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Мамасадык Бакиров форумда ишкерлер арасында өзгөчө кызыгууну жараткан Салык кодексинин ченемдери каралып, ошондой эле «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлору жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртуу жолдору талкууланганын билдирди.

Муну менен катар ал иш-чара салык чөйрөсүндө кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, аны сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн түзүлгөн аянтча экенин белгиледи.

«Төлөөчүлөргө кандай шарт түзүп берсе болот? Жеңил жана жөнөкөйлөштүрүү менен бирге салыктын түшүшү акыркы үч жылдын ичиндеги көргөзүп жаткан сандар белги берип жатат. Мындан сырткары жаңы санариптештирүү системасына кириши экономиканын өсүшү байкалууда. Башкача айтканда, көмүскөдө жаткан экономика ачыкка чыга баштады. Ал эми салык төлөөчүлөр ушундай форумдар аркылуу көбүрөөк түшүнүк алат. Мындай форумдарды жылына бир жолу эмес, ар бир өзгөрүүнүн алдында өткөрүп туруу керек. Бул жакта көйгөйлөрдү чечүү жолдору изделиши керек».

Форумда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын консолидацияланган бюджетин салыктын жаңы түрлөрүн киргизбестен жана көбөйтпөстөн, 575 миллиард сомго жеткенин билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле өлкөнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, өлкөнүн ИДПсы тарыхый чектен ашып, 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомго жеткенин белгиледи.

Улуттук салык форумуна Бишкектеги бир катар бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

ЖИА-бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу мамлекеттик салык органдары өзү демилгелеп,  ушундай иш-чараларды уюштуруп жатканын жакшы көрүнүш деп эсептейт.

Айтуусунда, өлкөдө мындай форумдар көбүрөөк өткөрүлүп турушу керек.

Ошол эле учурда ал аталган форумду бир гана борбор калаада эмес, аймактарга да жайылтууну сунуштады.

«Экинчи улуттук салык форуму бул бизнес коомчулук менен мамлекеттик органдар жолуккан иш-чара болду. Мында пайдалуу маалыматтар алмашылды. Буга чейин салык кодекси эки жолу өзгөртүлгөн. Ага биз да катышканбыз. Ишкерлердин көйгөйлөрүн көтөрүп, сунуштарыбызды бергенбиз. Албетте, мындай форумдардын уюштурулуп турганы жакшы. Бирок муну толук кандуу иш-чара деп айта албайм. Бул жакта бизнес ассоциациялар менен мамлекеттик органдар жолукту. Ишкерлердин өздөрүн да чакыруу керек. Бизнес ассоциациялардын 95 пайызы Бишкекте жайгашкан. Борбордогу гана ассоциациялар катышып калды. Мындай иш-чараларды аймактарда да өткөрүү керек. Себеби ал жакка маалымат жетиши кыйын».

Ишкер Мирбек Асангариев бүгүнкү күндө ишкерлерге салык чөйрөсүндөгү жаңы өзгөрүүлөр боюнча маалыматтар жетишсиз болуп жатканын айтат.

«Мындай иш-чараларды өткөрүү эч качан ашыкча болбойт. Өзгөрүүлөр болуп жатса, бир столго отуруп, сүйлөшүп, чечсе болот. Ишкерлердин да пикирин угуп, талдаса болот. Мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп туруу зарыл. Бул боюнча маалымат жайылтуунун түрлөрүн колдонуу керек. Социалдык тармактар аркылуу атайын роликтерди тартып, таратса болот».

Мамлекеттик салык кызматы өткөн жылы 249 млрд 403,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 3 млрд сомго ашык аткарылган. 2022-жылга салыштырмалуу 41,3 млрд сомго көп жыйналды.

Чогулган каражаттардын жалпы суммасынын 185 млрд 16,5 млн сомун салыктар жана төлөмдөр, 64 млрд 387,4 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.

Мындан сырткары 2023-жылы ишкердик субъекттер жүгүртүү суммасы 1,7 трлн сомдон ашык суммада 19,6 млн электрондук эсеп-фактура тариздешкен.

Ал эми азыркы учурда өлкөдө 73 миң 804 ККМ колдонулууда.

Copyright © 2017 Maral FM