Биз менен байланышыңыз

«ЖМК жөнүндө» мыйзам кабыл алынса, журналисттердин иши чектелеби?

Коом , Саясат | 30 Янв 2024 | 1823 | 0

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун карады. Жыйында депутаттар, медиа коомчулуктун өкүлдөрү мыйзам долбоору толук кандуу иштелбегенин сынга алышты.

Мыйзам долбоорун колдобой турганын айткан эл өкүлү Тазабек Икрамов жалган маалыматты ЖМКлар эмес, фейк аккаунттар таратып жатканын билдирди. Жакында эле депутат өзү да кадыр-баркына шек келтирген фейктердин маалыматтык чабуулуна кабылганын кошумчалады. Икрамовдун пикиринде, ЖМК өкүлдөрүнө карата чара жеткиликтүү эле көрүлүп келе жатат.

«Бүгүнкү күндө ЖМК өкүлдөрү жалган маалымат таратса, жоопко тартылып эле келе жатат. Бирок жалган маалыматты аты-жыты жок фейк аккаунттар таратып жатат. Биз биринчи ушулар менен күрөшпөйлүбү? Маалымат жаатында катаал чараларды көрүп эле жатасыңар, жакында эч ким сүйлөй албагандай кылып салбагыла».

Депутат Бактыбек Чойбеков «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын маанилүүлүгүн белгилеп, дагы да дыкат карап чыгууга чакырды.

«Эки эле жолу жыйналыш өткөрүп келгениңиздердин жыйынтыгы болуп жатат. Бул абдан маанилүү мыйзам, бир топ жолугушууулар болушу шарт. Эң башкысы, коомчулук бул тууралуу кабардар болуп, алар да өз пикирин айтышы керек. Дагы карап чыгуу үчүн бир айга жылдыруу керек деп ойлойм». 

«Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда журналисттердин да пикири эске алынат» делгени менен, иш жүзүндө медиа өкүлдөрүнүн үнү долбоорду жазгандарга жетпей жатканы айтылды.

Журналист Кайыргүл Урумканова туура эмес маалыматтарды таратуу журналисттерге тиешелүү эмес экенин белгилейт. Себеби ЖМКлар стандарттын негизинде иш алып барат. Туура эмес маалыматтарды таратуу социалдык түйүндөгү баракчаларга тиешелүү. Андыктан фейк, троллдордун ишин көзөмөлдөп, ЖМК менен бир пикирге келүүгө чакырды.

«Бизде суроо аябай көп болуп жатат. Так-даана жооп жок. Мыйзамдын башынан аягына чейин медиа тармагына чектөө беренелери киргизилип, эркин ЖМКларга бут тосуулар болуп жатат. Журналисттин толук кандуу иштешине бөгөт коёт.  Биздин сунуштар эске алынган жок. Акыр аягында элге туура маалымат жетпей, жеңил-желпи маалыматтарды таратканга аргасыз болуп калабыз».

Жыйынтыгында 55 беренеден турган мыйзам долбооруна комитеттин 8 мүчөсү «макул», 2 депутат «каршы» добуш берди.

«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн Президент Садыр Жапаров 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзүп, жетекчилигине Президенттин администрациясын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушовду дайындаган. Журналисттер, медиа чөйрө бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келерин айтып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM