Биз менен байланышыңыз

Мал уурдоонун көбөйүшү жаңы мыйзамдын жазылышына себеп болду

Коом , Экономика | 29 Янв 2024 | 681 | 0

Мал уудагандардын жазасы күчөтүлдү. Мыйзамга ылайык, 14 жаштан ашкандар уурдаган малдын санына жараша коомдук иштерге тартылат, эң көп мал уурдагандарга 8-12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Буга чейин көпчүлүк учурда кармалгандар келтирген чыгымды кайтарып берип, үй камагына чыгарылып келген. Буга мыйзам да жол берген.

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну Урмат Эргешов мындан бир ай мурун 6 уюн уурдаткан. Айтылган адамдар аны менен токтоп калбай, ошол эле айылдан 19 уйду алып кетишкен.  ИИМ кызматкерлери шектүү катары төрт адамды кармаган. Алардын бири жабырлануучулардан суранып, тосмо арыз жаздырып алган. Учурда Эргешов тосмо арызды жазып бергенине өкүнүп турганын айтты.

«Малды үлүш жерибизге алып барып жайып жүрчүбүз. Ошол жерден уурдатып жибердик. Абдан жаман абалда болдук. Пенсиядан ашырып жүрүп чогулткан малыбызды бир заматта уурдатып жибердик. Эки жолу сотко чакырды. «Бирөөнү бошоткону калды» деп жатышат. Бир айдан бери жыйынтыгы чыга элек. «Жазасы жеңил эле болот» деп жатышат. Бирок жоготкон малдын акчасын кайтарып беришти. Уурдагандардын төртүнчүсү тосмо арыз жазып берүүбүздү суранып, киши жөнөтсө, жазып берип койгон элек. Ошону туура эмес кылган экенбиз. Булар мурда уурулук кылып, кайра бошонгон адамдар экен. Азыркы мыйзам күчүнө киргени жакшы болду».

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылы 300гө жакын мал уурдалган. Кармалгандардын көбү уурдаган малын кайтарып берүү менен бошотулуп келген. Ага мыйзам да жол берген. Ошол себептен мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталган.

«Мал уурдаган 299 учурдун 120сы камалып, 179 үй камагына чыккан. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинде «мал уруулук» беренеси болгон эмес. 2021-жылы мал уурдагандарды жазалоо кодекстен алып салынган. Эми кайрадан толукталып, өлкө башчы кол койду».

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов мал уурдоонун жазасы кыз ала качуу, адам өлтүрүүлөр менен бирдей болуп калганын сындаган.

«Туура, мал уурдаган жазасын алышы керек. Бирок, жазаны өзгөртүү керек. Себеби мал уурдаса деле, кыз ала качып, мыкаачылык менен адам өлтүрсө деле жазасы бир болуп жатпайбы».  

Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине ылайык, «мал уурулук» бөлүмүндө бир малды уурдап кеткендер 100 сааттан 180 саатка чейинки коомдук иштерге тартылат, 500гө чейинки эсептик көрсөткүчтө айып пул төлөйт же 6 айдан 2 жылга чейин эркиндигинен ажырайт.

Ири өлчөмдө уурулук жасалган учурда 2 айдан 3 жылга чейинки түзөтүү жумуштарына тартылат же 1000ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтө айып пул төлөйт, же 3 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажырайт.

Эгер ондон ашык малды уюшуп айдап кеткен учурда кылмышкерлердин ар биринин мүлкү конфискацияланып, өздөрү 5 жылдан 8 жылга чейин эркиндигинен ажырайт.

Ошол эле уюшкан топ жыйырма бештен ашык малды уурдап кеткен учурда ар биринин мүлкү конфискацияланып, өздөрү 8 жылдан 12 жылга чейин эркиндигинен ажырайт.

Ошондой эле берененин 2-3-4-бөлүктөрүндө каралган кылмыш үчүн жазага 14 жаштан жогорку курактагылар гана тартылары белгиленген.

Бул жаатта Жогорку Кеңеш 2023-жылы 13-декабрда кабыл алган мыйзамга президент 27-январда кол кол койду.

Copyright © 2017 Maral FM