Connect with us

УКМК: Таласта милиция кызматкери пара менен кармалды

Кыска кабар | 29 Янв 2024 | 311 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашкандай, Талас облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, пара алып жаткан жеринен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери Б.у.Н. кармалды.

Кармалган кызматкер системалуу түрдө Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча алып тургандыгы кабарланды. Атайын кызмат бул фактыга тиешеси барларды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирди.

УКМК жарандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин фактылары боюнча 0312-66-04-75 телефонуна аркылуу билдирүүгө чакырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM