Биз менен байланышыңыз

Эртең 3 миң 800 абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт

Кыска кабар | 29 Янв 2024 | 134 | 0

Эртең, 30-январда Бишкек шаарында электр жарыгы үчүн төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 3 миң 800 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт.

Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ​​ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн Бишкек электр тармактар ​​ишканасы абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.

Ишкананын www.bipes.nesk.kg сайтында «Абоненттик баланс» бөлүмү иштейт, анын жардамы менен ишкананын бардык абоненттери, анын ичинде тиричилик жана өндүрүштүк абоненттер өздөрүнүн жеке кабинетинин абалын каалаган даректен көрө алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM