Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөгө жумушка жөнөткөн компаниялар текшерилип жатат

Коом , Экономика | 26 Янв 2024 | 570 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору кыргызстандыктарды Словакияга жумушка мыйзамсыз жөнөткөн компанияны аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын каттоодон өтпөгөнү, жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууга уруксат кагазы жок экени белгилүү болгон. Анан калса, жумушчуларды башка өлкөлөргө социалдык жактан корголушуна жана эмгек коопсуздугуна кепилдик бербестен жөнөтүп турушкан.

Министрликтин Чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун директорунун орун басары Кайратбек Жусупов бүгүнкү күндө 156 жеке агенттик министрликтен уруксат алып, кыргызстандыктарды чет жакка жумушка орноштуруп келерин маалымдады.

Ал бардык жеке агенттиктер менен чогуу иш алып барып, алардын жумушуна мониторинг жүргүзүлүп турарын билдирди. Чет өлкөгө жумушка жөнөткөн мамлекеттик программалар да бар экенин айтты.

«Бул компаниялар менен чогуу иш алып барабыз. Алардын жумушун да көзөмөлдөп турабыз. Ал эми мамлекеттик программаларга токтолсок, учурда Кореяга жана Улуу Британияга жөнөтөбүз. Кореяга заводдорго иштегенге 4 жыл 9 айга кетишет. Ал эми Улуу Британияга мезгилдик жумуштарга 6 айга барышат. Ал жакта биздин жарандардын укуктары жана коопсуздугу каралган. Баары эки мамлекеттин ортосундагы келишимде жазылган. Ишке алган эки мамлекет тең мигранттардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөп турушат».

Акыркы убакта чет өлкөдөн жумуш таап берген ортомчу компаниялар көбөйүп жатат. Ошол эле учурда же акчадан жок, же чет өлкөдөгү иштен жок калгандар да аз эмес. Жөнөткөн компания менен келишим түзгөндөрдүн айтымында, бир тайпада 15-20 адам окуса, алардын ичинен 5-6 гана жаран ишке орношот. Ал эми ишканалар кайрылгандардын баарын жумушка жөнөтүүгө убада берет.

Нуркыз Маматова Бишкектеги чет жакка жумушка жөнөткөн компаниялардын бирине 26 миң сом төлөгөн. Анын айтымында, компания ар бир кайрылган жарандын жумушка орношуусуна 100 пайыз кепилдик бар деп ишендирген. Тайпада 15 адам окуса, анын бешөө гана Германияга кеткен.

«Бул компания менен 2022-жылдын март айында келишим түзгөм. Биринчи төлөмгө 8 миң сом бергем. Андан кийин үч ай немис тилин үйрөнгөнбүз. Айына 3200 сомдон бергенбиз. Келишим боюнча Германиянын ири шаарларында жайгашкан конок үйлөрдө ишке орношмокмун. Чакыруу июнь айында келет деп айтышкан. Июндан баштап визага тапшыра баштайсыңар дешкен. Чакырууну күттүк. Июлдун ортосуна чейин келген жок. «Чакырууңар келбей калды» деп, башында төлөгөн 8 миң сомду гана кайтарып, калган сумманы берген жок».

Бишкек шаарындагы чет мамлекеттерге жумушка жөнөткөн компаниялардын бирине кайрылдык. Директору Аида Мамыралиева компания 2016-жылы ачылганын, 2017-жылдан бери жарандарды чет өлкөлөргө жумушка жөнөтүп келерин белгиледи.

Ишкана 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандарды атайын окутуудан өткөрүп, Европага жөнөтөт. Мындан сырткары ал кайрылгандардын баары чет жактан жумуш менен камсыз болоруна ишендирди.

«Азыркы учурда өзүбүздүн билим берүү борборубуз бар. Англис, корей, япон жана башка тилдерди үйрөтөбүз. Жаран кайсы мамлекетке барып иштей алса, ошого жараша окутабыз. Биз ширетүүчү, электрик, айдоочу жана башка кесиптерди окутуп, диплом беребиз. Жакында эле Япониянын ишканалары менен келишим түздүк. Эми жарандарды ошол жакка жөнөтө баштайбыз. Азыркы күндө көбүнчө Европа мамлекеттерине кетип жатышат. Чет жактагы ишканалар жашай турган жерин камсыздап беришет. Ал эми тамак-ашы жарандын өзүнүн чөнтөгүнөн болот. Бизде бир группада 5-10 адам окуйт. Мындан сырткары жалгыз болсо деле окуп кете берет. Бизге кайрылып, окугандардын баары чет өлкөлөргө жумушка орношот».

Ал эми юрист Бексултан Осмоновдун айтымында, мыйзамга ылайык, жумушка жөнөтө турган компаниянын сөзсүз лицензиясы болушу керек.

Ошондой эле ал жаран компания менен келишим түзүүдөн мурда аны менен дыкат таанышып чыгуу керектигин белгиледи.

«Лицензиядан сырткары компаниянын башка өлкөлөргө жумушка орноштурууга уруксат кагазы болушу керек. Мындан тышкары эгер ишкана кайсы бир чет тилди окутса, ал боюнча да лицензиясы болушу керек. Келишимди түзүүдөн мурун жаран анын түзүлүшүн окуп чыгышы зарыл. «Ким менен келишим түзүп жатат, компаниянын кандай милдеттери бар, жарандын кандай милдеттери бар, кайсы учурда акчаны төлөйт, кайсы учурда акчаны кайтарат?» деген сыяктуу пункттарга маани берүү керек. Жалпысынан айтканда, бардык жагдайды келишимден карап чыгуу маанилүү».

Чет өлкөдөгү жеке ишке орноштуруу агенттигинин мыйзамдуулугун www.migrant.kg сайтынан текшерсеңиз болот.

Эмгек министрлиги жеке агенттикке кайрылуудан мурун анын жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүгө уруксаты бар же жок экенин текшерип, бош орун, эмгек жана жашоо шарттары, кызматкер менен иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери тууралуу толук жана ишенимдүү маалымат алуу зарыл экенин эскертет. Ошондой эле мекеме чыр-чатак болгон учурда алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун жолдорун карап чыгууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM