Биз менен байланышыңыз

АКШда биринчи жолу соттолгон жаран азот жыттатуу жолу менен өлүм жазасына тартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2024 | 486 | 0
Сүрөт: Associated Press

АКШнын Алабама штатында соттолгон жаран биринчи жолу азот жыттатуу жолу менен өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазууда.

1988-жылы аялды өлтүргөн деп соттолгон Кеннет Южин Смит өзүнүн өкүмү боюнча даттанууга аракет кылган, бирок арызы четке кагылган.

2022-жылы аны ийне саюу жолу менен өлүм жазасына тартуу аракети болгон, бирок ишке ашкан эмес. Процедураны жүргүзгөн адистер ийнени күрөө тамырга киргизе албай калган, андан кийин өкүмдү аткаруу ордеринин мөөнөтү бүткөн.

Өлүм жазасы ишке ашкандан кийин Алабама штатынын губернатору Кей Айви: «30 жылдан ашык системаны алдаганга аракет кылгандан кийин, Смит өзүнүн үрөй учурган кылмыштары үчүн жооп берди«, — деп билдирди.

Штаттын башкы прокурору Стив Маршалл ырайымсыздык боюнча айыптоолорду четке кагып, өлүм жазасы «эффективдүү жана гумандуу» болгонун айтты.

«Адилеттүүлүк орноду» деди ал.

Азот жыттатуу жолу менен өлүм жазасына тартуу процедурасы жергиликтүү убакыт боюнча 19:56да башталып, 29 мүнөттөн кийин дарыгерлер Смиттин өлгөнүн айтышкан. Ага маска кийгизишкен, ал аркылуу таза азот денеге кире баштаган – өпкөгө киргенде ал кычкылтекти сүрүп чыгарат, натыйжада гипоксия жана өлүм ишке ашат.

«Бүгүн Алабама адамзатты артка кадам таштоого мажбурлады«, деди Смит өлүм жазасына тартылуу алдында.

Өлүм жазасына тартуу ыкмасын айрым медициналык эксперттер айыпташты, алар соттолгон адамдын денеси үчүн катастрофалык кесепеттерге алып келүү коркунучун эскертишти.

Өткөн аптада БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары өлүм жазасын токтотууга чакырып, азотту жыттатып өлүм жазасына тартуу — эл аралык укукка ылайык кыйноо жана ырайымсыз мамилеге барабар экенин билдирди.

Алабамада, Миссисипиде жана Оклахомада таза азот менен өлүм жазасына тартуу мыйзамдуу, бирок буга чейин бир дагы штат бул ыкманы колдонгон эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM