Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө быйыл сугат сууга чектөө киргизилеби?

Коом , Экономика | 26 Янв 2024 | 568 | 0

Өлкөдө быйыл сууну пайдаланууда эч кандай чектөөлөр болбой турганы айтылды.

Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев быйыл сууну пайдаланууда эч кандай чектөөлөр болбойт деп ишендирди.

Айтуусунда, бул жылы 600 чакырымдык каналдар менен суу курулуштарын оңдоп-түзөө жана тазалоо иштери пландалган.

Сокеев быйылкы жылда боло турган суунун тартыштыгын алдын алуу жолдору тууралуу айтып берди.

Ошондой эле ал сугат иштерин жакшыртуу жаатында кандай жумуштар жасалып жатканына токтолду.

«Мамлекеттик сугаруу тармактары гана оңдолбойт. Министр Бакыт Төрөбаев жергиликтүү бийликтерге чарба ичиндеги каналдарды да тазалоого, тартипке келтирүүгө тапшырма берген. Ошол аймактарда жашагандарды да бул иштерге тартуу пландалууда. Жергиликтүү бийликтер сууну топтоо боюнча иш алып барууга милдеттендирилди. Тагыраагы, жазгы сугаруу иштерин жүргүзүү үчүн бардык суткалык жана декадалык бассейндерди толтуруу көрсөтмөсү берилген. Бул түшүмдүүлүккө оң таасир тийгизет. Баш-аягы 17 гидротехникалык жайды пайдаланууга тапшыруу пландалууда».

Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев Баткен облусуна миң гектар жерди сугарууну камсыздай турган насостук станция куруларын билдирди.

«Тамчылатып сугарууга көбүрөөк көңүл бурулмакчы. Баткен облусунда миң гектар жерди сугарууну камсыздай турган насостук станция курулат. Мындай иштер өлкөнүн башка дубандарында да жасалышы керек. 70 скважинаны калыбына келтирүү пландалууда. Алар суу жетпей турган жерлерге керек. Каналдарды оңдоп-түзөө жана тазалоонун эсебинен суу менен камсыздоону жыл сайын 20 пайызга көбөйтүүгө мүмкүн болгон. Быйыл да аны 15-20 пайызга арбытуу максаты коюлган. Мындан тышкары декадалык жөнгө салууну камсыздаган 71 бассейн куруу каралган. Бул программа бекитилип калса, мындай объектилерди жыл сайын пайдаланууга берип туруу мүмкүнчүлүгү жаралат».

Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда кургакчыл климатка байланыштуу быйыл да суу тартыш болушу мүмкүн экенин айткан.

Төрөбаевдин маалыматына караганда, 2024-жылга 540 чакырым канал оңдолот. Ошондой эле суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндери курулат.

Министр 5-январда Чүй облусунун ирригациялык системасынын абалын жакшыртуу боюнча көчмө жыйын өткөрүп, Панфилов, Москва, Сокулук, Аламүдүн райондорундагы бир катар ирригациялык объектилердин абалын көрүп чыккан. №2 суу сактагычын толтуруу үчүн 6 скважинаны калыбына келтирүү ишин тез арада бүтүрүү тапшырмасын берген.

Анда Төрөбаев ирригация тармагын жакшыртууга мамлекеттик бюджеттен кошумча 2 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүнөрүн айткан.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализацияны өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Шайыргүл Орозбакиева мамлекеттик «Таза суу» ишканасын түзүү сунушталып жатканын билдирди.

Муну менен катар ал калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо багытында кандай иштер жүрүп жатканын айтты.

«Эгер курулган суу түтүктөрү техникалык жактан туура эксплуатацияланбаса, алар ээсиз калып, жараксыз абалга келет. Бул маанилүү маселе. Тарифтин төмөндүгүнө байланыштуу да дотацияда турган көптөгөн айыл өкмөттөрү, айылдык жамааттар суу түтүктөрүн иштете албай жатышат. Ошондуктан мамлекеттик ишкана түзүү керектигин айтып, Министрлер кабинетине сунуш киргизип жатабыз».

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын башкы адиси Таалай Бозгунчиев сууну колдонууга уруксат берүү системасын калыбына келтирүү да каралып жатканы белгиледи.

«Суунун канча пайдаланылып жатканы эсепке алынып, сууну колдонууга уруксат берүү системасын калыбына келтирүү пландалууда. Бул система 2012-жылы жокко чыгарылган. Бул суу үнөмдөгөн заманбап технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берет. Эң башкысы, эсептегичтердин жардамы менен ишканаларда эле эмес, бардык жерде чарбалык муктаждыктар үчүн канча суу кетип жатканы катталып турмакчы. Учурда суу боюнча маалыматтык система иштелип жатат, эсептегичтер качан коюлары азырынча белгисиз. Эсептегичтер сугат сууга же таза сууга коюлары тактала элек».

Акыркы жылдары суу тартыштыгы дыйкандарды бир топ түйшүккө салып келет. 2022-жылы сугат суунун жетишсиздигинен улам көптөгөн кыйынчылыктар жаралып, түшүм күткөндөн аз алынып, дыйкандар өкмөт үйүнө чейин барышкан.

Өлкөдөгү ички суу чарба каналдарынын 35%ы гана жарактуу. Мунун 90 пайыздан ашыгы Дүйнөлүк банк аркылуу оңдолгон каналдар, калганы союз мезгилинен бери оңдоло элек. Каражаттын жетишсиздигинен акыркы 20 жылда бир да канал капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Болгону тазалоо иштери гана жүргүзүлүп, суу берилип келген.

Copyright © 2017 Maral FM