Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен энергетика боюнча эки макулдашууга кол койду

Кыска кабар | 25 Янв 2024 | 155 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова баштаган делегация менен жолукту.

Жолугушууда «Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк тобунун өкүлчүлүктөрүн түзүү жана ишмердүүлүгү» жана «Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорун каржылоонун – 1-фазасы» жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлду.

Макулдашуулардын жыйынтыгы эки тараптуу кызматташуунун бекемделишине түрткү берери айтылды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Дүйнөлүк банк энергетика тармагына колдоо көрсөтүп келген. Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча долбоорду каржылоого макулдук берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM