Connect with us

Жапаров Chat GPTни иштеп чыгуучулардын бири Кыргызстанга келерин айтты

Кыска кабар | 25 Янв 2024 | 248 | 0

Кыргызстанга Chat GPT жасалма интеллектисин иштеп чыгуучулардын бири Кыргызстанга келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери жана жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушууда билдирди.

Ал жолугушууда кыргыз тилинде чат түзүү маселеси талкууланарын айтты.

Акылбек Жапаров ошондой эле жасалма интеллект кыргыз тилинде сүйлөп калганын да кошумчалады.

«Биз ата мекендик дикторлордун эң мыкты үндөрүн чогулттук жана кечээ «Биринчи радионун» эфиринде алып баруучулардын ордуна жасалма интеллектини коштук, эч ким байкаган жок», — деди ал.

Акылбек Жапаров былтыр февралда Казакстанда өткөн Digital Almaty эл аралык форумунда сүйлөгөн сөзү жасалма интеллекттин жардамы менен жазылганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM