Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу: Бүгүн Кыргызстан менен Омандын футболчулары ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 25 Янв 2024 | 659 | 0

Бүгүн, 25-январда Катарда өтүп жаткан Азия Кубогу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Омандын футболчулары менен беттешет.

Катардын борбору Доха шаарындагы Абдулла бин Халифа стадионунда өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча 21:00дө башталат. Беттешти УТРКнын «Спорт» каналы түз алып көрсөтөт.

Азия Кубогу 12-январда башталган, ал 10-февралга чейин уланат. Кубок үчүн беттешке 24 улуттук команда катышып, алты тайпада күч сынашууда.

Улуттук курама команда буга чейин Таиланддын жана Сауд Арабиянын командалары менен ойноп, жеңилип калган.

F тайпасында Сауд Арабия 6 упай менен биринчиде, Таиланд 4 упай менен экинчи, Оманда азыркы тапта бир упай бар. Кыргызстандын курма командасында азырынча упай жок.

Азия Кубогунда Кыргызстандын кийинки баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгү калдыбы?

Кыргызстан Оман менен акыркы жолу өткөн жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында беттешкен. Анда Кыргызстан Оманды 1:0 эсебинде уткан.

Азия Кубогу оюну алгач 1956-жылы Кытайдын Гонконг шаарында өтүп, Түштүк Корея курама командасы чемпион болгон. Кубок үчүн беттештер төрт жылда бирден өтүп турат.

Copyright © 2017 Maral FM