Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогунда Кыргызстандын кийинки баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгү калдыбы?

Блог , Спорт | 22 Янв 2024 | 831 | 0

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогу башталганына 10 күн болду. Бул аралыкта Кыргызстандын улуттук курама командасы F тайпасында эки жолу оюн өткөрдү. Алгач 16-январда Таиланддын курма командасына 0:2 эсебинде жеңилген болчу. Кечээ, 21-январдын түнүндө Кыргызстан Сауд Арабия менен беттешип, 0:2 эсебинде утулду. Оюндун 9-мүнөтүндө Кыргызстандын коргоочусу Айзар Акматовго одоно эреже бузду деген негизде кызыл айып кагазы берилип, оюндан четтетилди. Ал эми оюндун экинчи бөлүгүндө, 51-мүнөттө Кыргызстандын жарым коргоочусу Кими Мерк кызыл айып кагазын алып, ал дагы оюндан чыкты. Натыйжада Кыргызстан тогуз оюнчу менен ойноп, беттеш 0:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Эми 25-январда Кыргызстан Омандын курамасы менен ойнойт. Бирок буга чейин Таиланд курамасынан, кечээ Саудиядан да жеңилгендиктен, азыр Кыргызстан курамасынын кийинки баскычка өтүүсүнө мүмкүнчүлүк бар же жогу суроо жаратат.

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Сауд Арабия менен болгон беттештен кийин тогуз оюнчу менен ойноо кыйын болгонун, эки айып кагаз алгандан кийин коргонууга басым жасашканын билдирди.

 «Бизде оюн тажрыйбасын топтоого муктаж болгон көп оюнчулар бар. Командада муун алмашуу процесси жүрүп, курам жаңырып жатат. Албетте жаракат алгандарды эске албай турган болсок, менин оюмча, азыр курамада өлкөнүн мыкты оюнчулары чогулган. Жаңы оюнчуларды өнүктүрүү үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Бул процесс көп убакытты талап кыларын түшүнүү зарыл. Мен Кадыржанов, Сталбеков жана Шамурзаевди жоопкерчиликти, оюн тажрыйбасына ээ болуп, маанилүү турнирлерде оюндун атмосферасын сезиши үчүн оюн талаасына чыгардым», — деди Таркович.

Таркович курамага болгон ишеними чоң экенин айтып, алдыда Оман курамасын жеңип, кийинки баскычка чыгууга мүмкүнчүлүк бар экендигин кошумчалаган.

«Кыргыз футболдук союзу» юридикалык жактар бирикмесинин башкы катчысы, президенттин кеңешчиси Медетбек Букуевдин айтымында, кийинки баскычка чыгууга дагы деле мүмкүнчүлүк бар. Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу жаңы дайындалып жатканда кыргыз футбол тармагында муун алмашууну алып келерин билдирген.

«Ойной турган үч оюн өтө элек. Бардык оюндар бүткөндөн кийин тренердин тактикасына, оюнчулардын оюнуна баа берсе болот. Азырынча бир нерсе айтуу кыйын, эртерээк деп ойлойм. Жаңы машыктыруучу келип, курсту жаңы муундун алмашуусун жасайм деп алган. Азыр ошону жасап жатат. Биринчи оюнда көптөгөн сындар айтылды. Ал эми экинчи оюнда сындар анча болгон жок, оюнчулар да жакшы ойноду, Сауд Арабиянын оюнчуларынан эч кем калган жок».

УТРКнын «Спорт» каналында 10 жылга чукул убакыттан бери баяндамачы болуп келген Бексултан Усеналиевдин айтымында, Азия Кубогунда Кыргызстандын курамасы күтүлгөн жыйынтыкты көрсөтпөй жатат.

Бирок тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү теориялык жактан бар экенин, ал үчүн Омандын дарбазасына көбүрөөк гол киргизип, өздөрүнө гол өткөрбөөгө аракет кылышы керектигин айтты.

«Тилекке каршы, биз күткөндөй жыйынтык болбой жатат. Биз Азия Кубогун, бул оюнду беш жыл күттүк. Жыйынтыктап айтканда, беш жыл аралыгында футбол тармагын өнүктүрбөстөн ордубузда калгандырбыз, балким артка кеткенбиз, бирок жыйынтык ушундай  болуп жатат. 

Албетте, теориялык жактан алып караганда тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Эгер Оманды жеңсек үч упай алабыз, башка тайпаларды да карап көрүү керек. Кийинки баскычка тайпада үчүнчү болгон эң мыкты төрт команда чыгат, биз жок дегенде биринчи, экинчи болуп кирип калуубуз керек. Ошондуктан биздин оюнчулар каршы тарапка көбүрөөк гол киргизүүгө аракет кылуусу зарыл, ошондой эле гол өткөрбөө да керек. Бирок башка тайпалардагы командалардын жыйынтыгын да эске алып, караганда кийинки баскычка өтүү кыйын». 

Футбол күйөрманы Кудайберди Ташиевдин пикиринде, улуттук кураманын кийинки баскычка өтүү мүмкүнчүлүгү жок, анын баамында Оман менен боло турган оюн тең чыгуусу мүмкүн.

Ошондой эле ал жаңы машыктыруучунун оюнчуларды канчалык тааный алганы да маанилүү экенин кошумчалап, буларга токтолду.

«Биринчиден, улуттук курамада даярдык болду, бирок канчалык деңгээлде болду, Таркович оюнчуларды канчалык деңгээлде тааный алды, ушул жагы маанилүү. Экинчиден, оюнда тажрыйбанын аздыгы да терс таасирин тийгизет. Себеби башка өлкөлөрдүн лигасы уланып, Европа, башка жактан келген оюнчулар ойноп, парктика болуп жатат. А бизде ноябрь айында эле лига токтогон, ошондон бери ойной элек. Даярдык башка, оюн тактикасы, практика да башка». 

Азия Кубогу 12-январда Катар мамлекетинде башталган, ага 24 өлкөнүн курама командасы катышып жатат. Алар алты тайпага бөлүнгөн, ар бир тайпада төрттөн команда бар.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия биринчилигинде экинчи жолу ойноп жатат. Биринчи жолу 2019-жылы Азия Кубогуна катышып 1/8 финалдык баскычына чейин жетишкен.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 команда чыгат. Эгер упайлары бирдей болуп калса, командалардын голдору эске алынат.

Copyright © 2017 Maral FM