Биз менен байланышыңыз

«Оскар» сыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2024 | 492 | 0

Америка киноакадемиясы 2024-жылдагы «Оскар» сыйлыгына талапкерлердин тизмесин жарыялады. Салтанат 10-мартта болот.

2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Түндүк Америкада жарык көргөн тасмалар 2024-жылдагы «Оскар» сыйлыгына талапкер болду.

Алардын арасында «Оппенгеймер» тасмасы 13 номинация боюнча, «Кедейлер жана байкуштар» 11 номинация боюнча, «Ай гүлүн өлтүргүчтөр» тасмасы 10 номинация боюнча көрсөтүлдү. «Барби» тасмасы сегиз номинация боюнча көрсөтүлгөн.

Эң мыкты тасма:

«Жыгылуунун анатомиясы» («Анатомия падения»),

«Ай гүлүн өлтүргүчтөр» («Убийцы цветочной луны»),

«Оппенгеймер»,

«Байкуш-бактысыз» («Бедные-несчастные») ,

«Кызыкчылык зонасы» («Зона интересов»),

«Америка фантастикасы» («Американское чтиво»)

«Барби»,

«Унутулгандар» («Оставленные»)

«Маэстро»,

«Өткөн өмүрлөр» («Прошлые жизни»)

Эң мыкты режиссер:

Жюстин Триет, («Анатомия падения»),

Мартин Скорсезе, («Убийцы цветочной луны»),

Кристофер Нолан, «Оппенгеймер»

Йоргос Лантимос, («Бедные-несчастные») ,

Жонатан Глейзер, («Зона интересов»).

Мыкты актер:

Пол Жаматти, Жеффри Райт, Брэдли Купер, Колман Доминго, Киллиан Мерфи.

Эң мыкты актриса:

Аннетт Бенинг, Лили Гладстоун, Сандра Хюллер, Кэри Маллиган, Эмма Стоун.

Эң мыкты анимациялык тасма:

«Бала менен куш», «Элемантарно», «Нимона», «Робот кыялдары», «Жөргөмүш адам: Ааламдардын желеси».

Эң мыкты даректүү тасма:

«Боби Уайн: Элдин президенти», «Түбөлүк эскерүү», «Төрт кыз»

«Жолборсту өлтүрүү», «Мариупольдо 20 күн».

Эң мыкты костюм дизайны:

«Барби», («Убийцы цветочной луны»), «Наполеон», «Оппенгеймер», «Байкуштар».

Мыкты драмалык тасма «Оппенгеймер». «Алтын глобустун» лауреаттары аныкталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM