Биз менен байланышыңыз

Турак жайды камсыздандыруу маселеси кайрадан күн тартибинде

Коом , Экономика | 23 Янв 2024 | 733 | 0

Өлкөдө өткөн жылы 140 миңге жакын адам турак жайын камсыздандырган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына караганда, 2022-жылы бул көрсөткүч 118 миңге жакын адамды түзгөн. Өткөн жылы 151 камсыздандыруу учуру катталып, 27 млн сомдон ашык каражат төлөндү. Бүгүнкү күндө үйлөрдү камсыздандыруу канчалык маанилүү? Кыргызстанда камсыздандыруу этаптары кандай жүрүп жатат? 

Кыргызстанда 2022-жылы 118,4 миңге жакын, 2023-жылы 137 миң 109 адам турак жайын камсыздандырган.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, айыл жергесинде камсыздандыруу жылына 600 сом, шаарда 1,2 миң сом турат. Эгер камсыздандыруу учуру катталса, 500 миң жана 1 миллион сомго чейин төлөнөт. Баасы келтирилген зыянды баалагандан кийин аныкталат.

Төлөмдөрдү өрт же табигый кырсыктар: жер титирөө, жер көчкү, сел, суу ташкындары жана башка учурларда алса болот.

Бишкек шаарында жайгашкан жеке менчик камсыздандыруу компаниясынын директору Эрнис Абдыкеев турай жайын камсыздандырган шаар тургундары 2023-жылы 25 пайызга көбөйгөнүн белгиледи. Ошондой эле чогулган сый акылардын да саны өстү.

«Турак жайын камсыздандырган кардарлардын саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Кыргызстанда турак жайларды камсыздандыруу милдеттүү камсыздандырууга кирет. Турак жайды өрткө, жер титирөөгө жана башка кырсыктарга каршы камсыздандыруу каралган. Мамлекеттик гана компанияларда камсыздандырылышы керек. Себеби лицензияны мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна гана берген. Биз сыяктуу жеке компаниялар үйлөрдү камсыздандырсак да, мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун агенти катары камсыздандырабыз. Бирок милдеттүү түрдө эмес, ыктыярдуу түрдө эле камсыздандырабыз десе, анда бардык лицензиясы бар жеке компаниялар кыла беришет».

«Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Бирок аткарбагандарды жоопкерчиликке тартуу каралган эмес.

Камсыздандыруу боюнча адис Нурсултан Чекиров өнүккөн өлкөлөрдө жарандар ар бир кыймылын камсыздандырарын белгиледи.

Айтуусунда, Кыргызстан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү камсыздандырууга жетише элек. Ал өлкө боюнча камсыздандыруу маданиятын жайылтуу багытында иштер аксап жатканын сындады.

«Камсыздандыруу өтө керек. Бул өзүнүн керектигин канча жылдан бери далилдеп келе жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө жарандар өзүнүн ар бир кыймылын камсыздандырат. Биз болсо кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү камсыздандырганга жетише албай жатабыз. Бизде камсыздандыруу маданиятын көтөрүү жаатында иштер солгунураак алып барылууда. Жарандардын да ишеничи азыраак. Өз убагында ыкчам, даректүү, жарандарды кыйнабай, чуркатпай төлөмдөрдү жүргүзүп турса, бул дагы компаниялардын көрсөткүчү болмок. Бул элдин ишеничин арттырмак. Экинчиден, маалыматтык саясат иштери чабал жүрүп жатат. Буга байланыштуу да эл көп ишенбей келет».

2022-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 127,5 миң камсыздандыруу келишимдери түзүлгөн. Анын ичинде 86%дан ашыгы жеке жактар менен түзүлгөн. Ал эми 65%дан ашыгы ыктыярдуу камсыздандыруулар.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 809 млрд сомго жетти. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 29%га көп болгон.

Ал эми экономисттер буга чейин эле элге мүлктөрдү камсыздандыруу керектигин түшүндүрүп келишкен.

Экономист Төлөнбек Абдыров азыркы күндө өлкөдө камсыздандыруу жаатында жакшы натыйжа берген көрүнүштөр жок экенин айтат.

«Дүйнөдө болуп жаткан тажрыйбага көз чаптырсак, айрыкча турак-жай, кыймылдуу мүлк же кыймылсыз мүлк болобу, камсыздандырууга өзгөчө көңүл бурушат. Ал жакта эл да аябай маани берет. Кыргызстанда камсыздандыруу ишканалары болгону менен ойдогудай, жыйынтыктуу аракеттери жок болууда. Эл жактан да мындай аракеттер байкалбайт. Компаниялардын да элди тартып, чакыра турган жакшы мисалдары жок».

Өлкөдө 2022-жылы камсыздандыруу компанияларынын кирешеси 2021-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу 23%га көбөйүп, 1,2 млрд сомду түзгөн.

Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке менчик камсыздандыруу компаниялары иш алып барат. Бүгүнкү күндө алардын саны 14тү түзөт.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына караганда, буга чейин аймактарда турак жайын, мал-мүлкүн, унаасын камсыздандырган тургундар аз болчу. Учурда мамлекеттик жана жеке менчик камсыздандыруу ишканаларына кайрылгандар, анын ичинде аймактарда да мүлкүн камсыздандыргандар көбөйүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM