Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жер титирөө катталды

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 1354 | 0

23 январга караган түнү, саат 00:09да Кыргызстанда жер титирөө катталды.

Volcano Discovery порталындагы маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогунда магнитудасы 7,2 баллга жетти.

Ал эми Казакстандын сейсмология институту жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда болгонун жазып, магнитудасы 6,7 балл деп билдирди.

Уюлдук телефонго келген маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытай менен Кыргызстандын чектешкен аймагында катталды.

Социалдык тармактарда Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында жер титирөө сезилгени жазылууда.

ӨКМ: Жер титирөө кайталанат делген маалымат фейк

Copyright © 2017 Maral FM