Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров кармалган журналисттер тууралуу үн катты

Кыска кабар | 19 Янв 2024 | 589 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине журналисттердин кармалышы тууралуу маек берди. Маек 19-январдын кечинде орус тилинде жарыяланды. 

Президенттин пикиринде, кармалган журналисттер кесипкөй журналист эмес, социалдык баракчаларды колдонгон блогерлер жана алар жоопкерчиликсиз түрдө ар кандай, анын ичинде улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген маалыматтарды жарыялашат.

Садыр Жапаров Кыргызстанда башка укуктук өлкөлөрдөгүдөй эле мыйзам алдындагы жоопкерчилик бар экенин белгилеп, маалыматтын тактыгы үчүн биринчи кезекте өзүн журналист жана блогер деп эсептегендер жооптуу экенин айтат.

«Жеке блогерлер, активисттер ачыктан-ачык жалган маалымат таратып жатканына далай жолу күбө болдук. Көбүнчө атайылап же билбестен регионалдык, диний жана этникалык кастыкты козутуу аракеттери, конституцияга каршы аракеттерди жасоого чакырыктар, баш аламандыктар болгон», — деп айтылат президенттин маегинде.

Өлкө башчы Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык, Тажибек кызы Махабаттын видеокайрылууларында массалык баш аламандык уюштурууга чакырыктардын белгилери бар экендиги аныкталганын белгиледи.

«Азыркы коогалаңдуу мезгилде сөз эркиндиги жоопкерчилик менен катарлаш жүрөт. Бүгүнкү күндө демократиялык жактан өнүккөн деп айтууга боло турган өлкөлөр сөз эркиндигин саясий максаттарга жетүү жана коомду туруксуздаштыруу үчүн колдонгондорго азыртан эле чектөөлөрдү киргизип жатышат.

Буга байланыштуу биз алдын алуу чараларды көрүүгө аргасызбыз, анткени бул түздөн-түз өлкөнүн улуттук коопсуздугуна тиешелүү. Демократиялык коомдо баш аламандыктын же кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн мыйзамда каралган чектөөлөр же санкциялар болсун, белгилүү бир формалдуулуктар зарыл. Бардык тергөө иш-чараларынын аягына чыгышын күтөлү», — дейт Жапаров.

Элчиликтер журналисттердин камалышы боюнча тынчсызданууларын билдирди

Copyright © 2017 Maral FM