Биз менен байланышыңыз

Элчиликтер журналисттердин камалышы боюнча тынчсызданууларын билдирди

Кыска кабар | 19 Янв 2024 | 267 | 0

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Батыш Европа мамлекеттеринин элчиликтери Кыргызстандагы журналисттердин үйүнүн тинтилиши, өздөрүнүн камалышы боюнча тынчсызданууларын билдирди.

«Ар түрдүү пикирлерди билдирүү жана көз карандысыз журналистика – жалпы адам укуктарын жана сөз эркиндигин ишке ашыруунун негизги мүнөздөмөлөрү болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүгүнөн тышкары Австриянын, Бельгиянын, Финляндиянын, Франциянын, Германиянын, Латвиянын, Литванын, Нидерланддардын, Португалиянын, Испаниянын, Швециянын элчиликтери кошулган.

Ошондой эле Кыргызстандын бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого, адвокаттардын катышуусу менен тергөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырышкан.

Айта кетсек, 15-январда 24 kg сайтынын редакциясына тинтүү жүрүп, жетекчилери ИИМге сурак берип чыгышкан.

Эртеси, 16-январдын таңында ИИМ кызматкерлери «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйүнө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн суракка алып кетишкен.

Сурактан кийин алардын 48 саатка камакка алынганы белгилүү болгон. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, кармалган 11 журналисттин баары 13-мартка чейин тергөө абагына камакка алынган.

Кармалган 11 журналисттин баары эки айга камакта калды

Copyright © 2017 Maral FM