Биз менен байланышыңыз

Кармалган 11 журналисттин баары эки айга камакта калды

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 813 | 0

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин бөгөт чарасын карап, кармалган 11 журналисттин баарын 13-мартка чейин абакта калтырды.

Эки айга камакка алынгандар:

• Махабат Тажибек кызы

• Сапар Акунбеков

• Азамат Ишенбеков

• Сайпидин Султаналиев

• Актилек Капаров

• Тыныстан Асыпбеков

• Максат Тажибек уулу

• Жоодар Бузумов

• Жумабек Турдалиев

• Айке Бейшекеева

• Акыл Орозбеков

16-январдын таңында айтылган журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталышууда.

Журналисттердин жактоочулары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышарын маалымдашты.

Copyright © 2017 Maral FM