Биз менен байланышыңыз

Кримтөбөлдүн унааларынын тагдыры кандай чечилиши керек?

Коом , Саясат | 19 Янв 2024 | 1762 | 0

УКМК Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги берген маалыматты четке кагып, кримтөбөл Камчы Көлбаевден алынган автоунаа аларга берилбегенин билдирди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул боюнча расмий билдирүү жасай элек, маалымат алуу максатындагы чалууларыбызга жооп болгон жок. 

Саясат талдоочулар, ишкерлер мамлекетке алынган ар бир мүлк соттун чечими менен гана же аукционго коюларын, же улутташташтырыларын айтышат. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тараткан маалыматты четке кагып,  кримтөбөлдүн унаасы берилбегенин билдирди.

«УКМК жүргүзүп жаткан тергөө чараларынын жүрүшүндө К. Асанбекке тиешелүү бир нече автоунаа кармалып, кийинчерээк алар Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттикке чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилген. УКМКнын балансында өз функцияларын ишке ашыруу үчүн жетиштүү сандагы унаалар бар. УКМК жарандарды чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө жана мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарына гана көңүл бурууга чакырат», — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги 17-январда Камчы Көлбаевдин мүлкүн конфискациялоо учурунда алынган 6 унаанын экөө мамлекеттик органдарга берилгенин кабарлаган.

Агенттиктин маалыматы боюнча, 25 млн 500 миң сомго бааланган Mercedes-Benz S600 унаасын Президенттин иш башкармалыгы, ал эми 1 млн 150 миң сомго бааланган Kia Rio X-Line унаасын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алган. Калган төрт унаа кайрадан аукционго коюлган.

Маалыматты тактоо үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги менен байланыша албай койдук.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мүлктү конфискациялоо, аны сатуу процесстери соттун чечими менен ишке ашырылышы керек экенин айтты. 

«Жарандын конфискациялана турган кандай гана мүлкү болбосун, унаа болобу, башка болобу, сот аркылуу жүргүзүлүп, соттун чыгарган чечими менен гана алынышы зарыл».

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай да мамлекетке өткөрүлгөн ар бир мүлк соттун чечими менен гана жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Ошондой эле мүлк аукционго коюлуп, сатылбай калган учурда улутташтырганда да соттун чечими менен баары ачык болушу зарыл экенин айтат.

«Шектүү нерсе мамлекетке өткөн учурда аукционго коюлуп, анда да такыр сатылбаса, соттун чечими менен кайрымдуулук уюмдарына берилет. Мамлекеттик органдарга берилген учурда деле соттун чечими менен баары ачык-айкын айтылып, андан кийин өткөрүү жолдору каралышы керек. Өлкөдө муктаж болгон балдар үйү, карылар үйү бар, улутташтырып, ошолорго өткөрүп берилсе жакшы болмок. Эгер сот чет өлкөнүн жарандарына сатууга уруксат берсе, алууга укугу болот го деп ойлом».  

Ишкер Тилек Токтогазиев андай кымбат баалуу унааларды аукцион аркылуу сатып, мамлекеттин бюджетине өткөрүү жолу туура деп эсептейт.

Ошондой эле бир мамлекеттик орган берген маалыматты экинчи мамлекеттик органдын төгүндөөсү буга чейин деле болуп келгенин, акыркы учурда аянттагы өлкөнүн башкы желегин алмаштырууда ушундай маселелер болгонун айтты. Аны менен ал мамлекеттик органдардын арасындагы байланышты начар деп баалады.

«Мамлекеттик органдардын бири-бири менен байланышы начар болуп жатканынын белгиси. Мындай маалыматты мамлекеттик органдар бири-бири менен байланышып, такташып, макулдашкандан кийин гана массалык маалымат каражаттарына, коомчулукка таратышы керек. 

Ал эми Камчы Көлбаевдин мүлкү боюнча менин жеке пикирим, ачык эле аукционго коюлуп, каражаты мамлекеттик бюджетке эле түшкөнү жакшы. Азыр ал унаалар УКМКга өтөбү же башка жакка өтөбү, кандай болгон учурда да кымбат унаа эмеспи, тейлөө да ошончолук кымбат болот. Азыркы учурда социалдык маселелер көп болуп жатат, бала бакча, мектептер керек болуп жатат. Качан гана байып, акча көп болгон учурда гана ушундай кадамдарга барса болот».

Кримчөйрөнүн анабашы делген Камчы Көлбаев жок кылынгандан кийин анын бир канча мүлкү: кымбат баалуу люкс үйлөрү, брондолгон унаалары, асыл тукум жылкылары, жер тилкелери жана башка баалуу буюмдары мамлекетке конфискацияланган.

Copyright © 2017 Maral FM