Биз менен байланышыңыз

Улуттук фтизиатрия борборунда компьютердик томография бөлмөсү ачылды

Без рубрики | 18 Янв 2024 | 42 | 0

Бүгүн, 18-январда Улуттук фтизиатрия борборунда компьтердик томография диагностикалык бөлмөсүнүн ачылышы өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Диагностикалык бөлмөнү оңдоп-түзөө, керектүү буюм-тайымдар менен жабдуу, аппаратты алып келүү, орнотуу иштерин БУУнун Өнүктүрүү программасынын «COVID-19 грантын ишке ашыруу» долбоорунун алкагында Глобалдык фонд каржылаган. Компьютердик томография аппараты (General Electric Optima 520) 407 млн 551 миң 350 долларга, башка буюм-тайымдар 34 миң 709 долларга алынган.

Бул аппаратты алуудагы максат СПИД, кургак учук, безгек сыяктуу жугуштуу илдеттерди эрте аныктоо, мындай дартты убагында дарылоо болуп саналат.

«Кургак учук инфекциясын аныктоодо нур менен дарт аныктоонун заманбап жогорку технологиялык ыкмалары талап кылынат. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасына Кыргыз Республикасында Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программаны ишке ашырууда кызматташуусу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Күнүмдүк диагностикалык процесске компьютердик томографты киргизүү кургак учук инфекциясын, өзгөчө балдар арасында аныктоону жана диагностикалоону жакшыртат, бул өз кезегинде оорунун коомдо жайылышын үзгүлтүккө учуратат жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртат», — деди ачылышта сөз сүйлөгөн министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Маалым болгондой, бул аппараттын жардамы аркасында дарыгерлердин дартты аныктоо мүмкүнчүлүгүн кыйла жакшыртат. Ошондой эле келечекте кургак учукка текшерүү акысыз жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM