Биз менен байланышыңыз

Кармалган 11 журналисттин бешөө эки айга камалды

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 397 | 0

Бүгүн, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кечээ камакка алынган журналисттердин бөгөт чарасы каралды.

Жыйынтыгында судьянын чечими менен «ПолитКлиника» басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбеков, Temirov Live долбоорунун мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибай кызы, журналисттер Сапарбек Акунбеков жана Сайпидин Султаналиев 13-мартка чейин абакта калтырылды.

Айта кетсек, кечээ, 16-январдын таңында «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, өздөрү ИИМге чакырылган. Натыйжада алар 48 саатка камакка алынган.

Жактоочу берген маалыматка караганда, төмөнкү журналисттерге иш козголгон:

Махабат Тажибек кызы

Сапар Акунбеков

Азамат Ишенбеков

Сайпидин Султаналиев

Актилек Капаров

Тыныстан Асыпбеков

Максат Тажибек уулу

Жоодар Бузумов

Жумабек Турдалиев

Айке Бейшекеева

Акыл Орозбеков

Ички иштер министрлиги кармалган журналисттерди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыптап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM