Бишкекте бир катар медиа уюмдардын өкүлдөрү жыйын өткөрүп, журналисттердин жапырт кармалышы боюнча билдирүү жасашты. Алар эркин медиалардын журналисттерине жасалып жаткан мамилени сындап, мыйзамсыз экенин айтышты. Ошондой эле тергөөнү ачык өткөрүп, бардык маселени ачык айтууга чакырышты.
Медиа коомчулук бийликти диалог жүргүзүүгө чакырды. Бир нече эл аралык уюмдар да Кыргызстандагы журналисттердин үйлөрү тинтилип, камакка алынышы боюнча тынчсыздануусун билдиришүүдө.
Бүгүн Бишкекте медиа коомчулук 11 журналисттин кармалышы боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда журналисттердин жапырт камалышы сынга алынып, медиа коомчулук менен диалогго баруу боюнча бийлик өкүлдөрүнө чакырык жасалды.
Эске салсак, 15-январда УКМК кызматкерлери 24.kg агенттигинин кеңсесин тинтип, директору Асел Оторбаева, башкы редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымар сурак берип чыгышкан. Иш Кылмыш-жаза кодексинин «согушту пропагандалоо» беренеси менен тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын айта элек.
Алардын бүгүн да УКМКга сурак берип чыгышканы маалым болду.
Адвокат Нурбек Сыдыковдун айтымында, тергөө учурунда тактоочу суроолор берилип, 24.kg агенттигинин жетекчилери күбө катары жооп беришкен.
Андан сырткары 16-январдын таңында үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлери 48 саатка камакка алынган. Азырынча алардын баш коргоо чарасы боюнча маалымат айтыла элек.
48 саатка камалган журналисттер:
- Махабат Тажибек кызы
- Сапар Акунбеков
- Азамат Ишенбеков
- Сайпидин Султаналиев
- Актилек Капаров
- Тыныстан Асыпбеков
- Максат Тажибек уулу
- Жодар Бузумов
- Жумабек Турдалиев
- Айке Бейшекеева
- Акыл Орозбеков
Кармалган журналисттер Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталышууда.
Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбековдун айтымында, тергөө ачык жүрүшү керек. Тергөөнү купуя жүргүзөбүз деген күндө деле коомчулук билип калды. Андан көрө лингивистикалык экспертизанын жыйынтыктары ачык айтылганы туура болот.
«Бул маселелерди уккан эле ар кандай айтышы мүмкүн. Бирөө «бул кысым, куугунтук» деши мүмкүн, бирөө «чын эле кылмыш ишинин алкагында кармады» деши мүмкүн. Коомчулукта эки ача пикир болбошу үчүн тергөөнү ачык жүргүзүү керек. Ансыз деле публикациялар үчүн экени айтылып калды. Лингвистикалык экспертиза жүргүзүлүптүр, аны да ачык көрсөтүү керек. Ар бир жаран окуп, чакырыктар бар же жок экенин өзү эле билип алат. Анда чиновниктерден, бийлик адамдарынан суроонун кажети жок болуп калат, ар бир адам өзү жыйынтык чыгарып, билип алат. Журналисттердин күнөөсү бар же жогун, ошол ачыктык гана далилдеп берет. Ошондуктан бардык иш ачык каралсын!»
«МедиаХаб» басылмасынын башкы редактору Асел Шамилова журналисттер эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө экенин айтып, бирок элдин маселесин чагылдырып жүргөн адамдарды камоону туура эмес деп баалайт. Мындай кадам басым, кысым экенин айтып, мындан ары да курч иликтөөлөр, факт-чектер чыга берерин кошумчалады.
«Журналисттер дайыма «эл менен бийликтин ортосундагы көпүрөбүз» дейбиз. Бирок көбүрөөк элдин көйгөйү менен жүрөбүз. Элдин маселесин чагылдырганы үчүн да камаганы туура эмес. Мыйзамсыздыкты токтотуп, мыйзамдуу кароого чакырат элем. Ошондой эле кечээ күнкү тинтүү, камоону журналисттерге карата басым, кысым катары кабыл алдык. Бирок биз коркпойбуз, дагы да иликтөөлөр жасала берет, факт-чектер чыга берет. Муну менен биздин мизибиз мйатарылбайт, мындан да курч иликтөөлөр чыга берет».
Медиаэксперт Асел Сооронбаеванын айтымында, 2020-жылы өлкө башына жаңы бийлик келген кезден бери медиа тармакка кысым күчөгөн. Эркин медиалардын иши: бийликти мактоо эмес, бийликтин кемчиликтерин, элдин көйгөйүн бийликке жеткирүү.
Ошондой эле ал журналисттердин үйүн тинтип, камашы башка журналисттерге да белги экенин кошумчалады.
«Журналисттерди жапырт камап, тинтүүгө алганы — башка журналисттер үчүн да белги. Кармалгандар иликтөө жасаган, ачык чындыкты жазган редакциялар болуп жатат. Бийлик өкүлдөрү бизди мактабайсыңар деп, таарынгандай элес калтырып жатат. Бирок журналисттердин иши бийликти мактап-жактоо эмес. Аларды мактаганга мамлекеттик телеканалдар, басылмалар бар да мамлекеттен каржыланган. А чыныгы журналистиканын миссиясы: көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, кайра бийлик өкүлдөрүнө жеткирүү. 2020-жылдан баштап эле кысымдар башталды, болуп келе жатат. Журналисттерди камоо эми жеткен чеги, жакшы нерсеге алып барбай турган тенденция, бийликтин өзүн жарга түртө турган кооптуу тенденция».
Сооронбаева өлкөдөгү журналисттерге жасалып жаткан мамилеге эл аралык бир нече уюм тынчсыздануусун билдиргенин, бирок бийлик өкүлдөрү бул кайрылууларды этибарга албай жатканын кошумчалады.
«Буга чейин сегиз эл аралык уюм билдирүү жасады, бирок бийлик этибарга албай жатат. Бүгүн журналисттер да маалымат жыйын өткөрүп, президентти диалогго чакырды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин жыйынында төрага депутаттарды майда-чүйдө нерселерге аралашпоого чакырды. Башкача айтканда, бийлик көйгөйдү тереңден биле албай жатат. «Бул маселенин артында эмне жатат, кийин эмнеге алып келиши мүмкүн, бара-бара алып барып жарга такабайбы?» деген маселени түшүнбөй жатат же түшүнгүсү келбей жатат».
«Жарандык укуктардын коргоочулары», Human Rights Watch, Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, People in Need, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация, Кыйноолорго каршы эл аралык уюм жана Укук коргоочуларды коргоо обсерваториясы, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңсесинин өкүлү Кыргызстандагы жагдайларга байланыштуу билдирүү жасады. Анда алар Кыргызстандагы эркин медиаларга жана журналисттерге карата кылмыш иштерин токтотууга, сөз эркиндигин коргоого чакырышты.