Connect with us

Кыргызстан-Таиланд футбол беттеши башталды

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 229 | 0

Бүгүн, 16-январда Азия Кубогу оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Таиланддын футболчуларынын беттеши башталды.

Беттеш Катардын борбору Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда болуп жатат. Оюнду УТРКнын «Спорт» каналы түз алып көрсөтөт.

Оюн талаасында:

Азия Кубогу 12-январда башталган, ал 10-февралга чейин уланат.

Кубок үчүн беттешке 24 улуттук команда катышып, алты тайпада күч сынашууда.

F тайпасына кирген Кыргызстан улуттук курамасы 21-январда Сауд Арабия менен, 25-январда Оман менен оюн өткөрөт.

Азия Кубогу оюну алгач 1956-жылы Кытайдын Гонконг шаарында өтүп, Түштүк Корея курама командасы чемпион болгон. Кубок үчүн беттештер төрт жылда бирден өтүп турат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM