Биз менен байланышыңыз

Үч адамдын өлүмү: Бишкек соту айыптууну түбөлүк абакта кармоо чечимин күчүндө калтырды

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 553 | 0

Эне-балдарды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Аширалиев боюнча Октябрь райондук соту чыгарган кылмышкердин мүлкүн конфискациялоо, өзүн өмүр бою эркиндигинен ажыратуу чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырганы кабарланды.

Жараянда Чынтемир Аширалиев окуя болгон күн эсинде жок экенин, «балдарды өлтүрбөгөнүн» айтып, жазасын жеңилдетүүнү өтүнгөн.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2023-жылдын 3-ноябрдагы отурумунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экс-кызматкери, үч адамдын өлүмүнө айыпталган Чынтемир Аширалиевди өмүр бою эркиндигинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Кандуу каргаша 2023-жылдын февраль айында болгон. Бишкектин 5-кичи районундагы батирлердин биринен 51 жаштагы аял 2005-жылы туулган кызы жана 2016-жылы туулган уулу менен кошо киши колдуу каза тапкан. Кылмышка шектелип, Кадамжай районунун 1986-жылы тургуну, УКМКнын мурдагы кызматкери Чынтемир Аширалиев кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM