Биз менен байланышыңыз

24.kg басылмасынын кеңсесине тинтүү жүргүзүлүүдө

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 178 | 0

24.kg басылмасынын кеңсесине тинтүү жүргүзүлүп жатканын аталган басылманын редактору Махинур Ниязова кабарлады.

Анын айтуусунда, «Медиа Полиси» институтунан келген жактоочулар басылманын имаратына киргизилбей жатат. Маалыматты юрист Нурбек Сыдыков тастыктады. Кайсы себептен улам тинтүү жүргүзүлгөнү белгисиз. УКМК комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 15– январдагы жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралат.

Министрлер кабинети сунуштаган долбоор былтыркы жылдын 15-декабрында катталган.

Бул мыйзамдын долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келерин эл аралык уюмдар, медиаэксперттер айтып келишүүдө.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү

Copyright © 2017 Maral FM