Connect with us

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 331 | 0

«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке  түштү. Министрлер кабинети сунуштаган долбоор былтыркы жылдын 15-декабрында катталган.

Мыйзам долбоору 55-беренеден турат. Анда Кыргызстандагы медиамекемелердин иштөө тартиби, маалымат топтоо жана аны таратуу жол-жоболору жазылган.

Документте 1992-жылдын 2-июлундагы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» колдонуудагы мыйзам эскирип, азыркы замандын чакырыктарына жооп бербей турганы айтылат.

Документте белгиленгендей, үзгүлтүксүз чыгып турган мезгилдүү басылмалар, телеканалдар менен радиолор, веб-сайттар, маалымат агенттиктери жана маалымат чогултуу, аны таратуу менен алектенгендер жалпыга маалымдоо каражаты деп эсептелинет.

Жалпыга маалымдоо каражаты мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана ишин баштай турганы жазылган. Ошондой эле «веб-сайттар Санариптик министрлигинен милдеттүү түрдө тармактык маалымат каражаты катары катталууга тийиш» деген талап коюлган.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн Садыр Жапаров 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзүп, жетекчилигине Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушовду дайындаган.

Бул мыйзамдын долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келерин эл аралык уюмдар, медиаэксперттер айтып келишүүдө.

ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамдарды артка чакыруу сунушталды

Copyright © 2017 Maral FM