Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 15-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 14 Янв 2024 | 221 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 15-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир аймактарында катуу жаан-чачын болушу ыктымалдыгын, Чүй, Талас облустарына туман түшөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндуз -3…-8.

Бишкекшаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн
-2…-4, күндүз 0…-2 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM