Биз менен байланышыңыз

Министр Түркияда боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты

Кыска кабар | 14 Янв 2024 | 141 | 0

2024-жылдын 11-12-январында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Малатья шаарында жайгашкан Инөнү университетинде болуп, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, министр университеттин ректору, доктор Ахмет Кызылай менен жолукту. Анда Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин органдарды трансплантациялоону уюштурууда Кыргызстанга жардам көрсөтүү келишиминин алкагында, боор жана жилик чучугун трансплантациялоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Ошондой эле министр ал жакта окуудан өтүп жаткан кыргызстандык адистер менен баарлашты. Андан соң ал боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты.

Инөнү университети 700 миң чарчы метр аянтта жайгашкан, ал эми университеттин клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча дүйнөдөгү эң мыкты беш клиниканын бири. Доктор Ахмет Кызылай клиникада жылына 300-350дөй боор алмаштыруу операциясы жасаларын айтты. Клиника 1500 орунга ылайыкташып, 4,5 миңден ашык медициналык кызматкер эмгектенет.

Өз кезегинде доктор Ахмет Кызылай Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган боордош Кыргызстанга трансплантология кызматын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча тапшырма бергендигин билдирди. «Биз сиздерге трансплантология бөлүмүнүн ишин уюштурууга, адистерди окутууга жана Кыргызстанда боор менен жилик чучугун алмаштыруу боюнча биргелешкен операцияларды өткөрүүгө жардам берүүгө даярбыз», — деди Ахмет Кызылай.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн маселе боюнча жемиштүү кызматташууну улантууга макулдашышып, университет менен КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюшту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM