Биз менен байланышыңыз

Электр энергиясынын кубаттуулугун көтөрүү үчүн кандай иштер жүрүүдө?

Кыска кабар | 14 Янв 2024 | 148 | 0

Энергетика министрлиги 2023-жылы ГЭСтерди реконструкциялоо, ЧГЭСтерди жана күн электрсианцияларын ишке киргизүү менен электр энергиясынын кубаттуулугун көбөйтө алды.

Министрликтин маалыматына ылайык, өткөн жылы ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо менен 65,6 МВтка, күн электрстанциясын куруу менен 430 кВт, ал эми ЧГЭСти ишке киргизүү менен 6,7 кубаттуулукка көбөйдү. Тактап айтканда, 2023-жылы электр энергиясынын жалпы кубаттуулугу 72,73 МВтты түздү.

Ал эми быйыл болжолдуу 50,6 МВт кубаттуулуктагы ЧГЭСтерди ишке киргизүү, ошондой эле Токтогул ГЭС, Үч- Курган ГЭСтерин реконструкциялоо менен кубаттуулукту 69 МВтка көбөйтүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM