Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Быйыл суу ресурстарына өзгөчө көңүл бурулат

Кыска кабар | 14 Янв 2024 | 143 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү иштери боюнча жыйын өттү.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук администрация башчылары-акимдер катышты.

Төрөбаев кургакчыл климатка байланыштуу быйыл суунун аз болуусу күтүлүп жатканын билдирди. Ошол себептүү суу боюнча 100 ири иш-чара уюштурулат.

«2024-жылга 540,0 чакырым чарбалар аралык каналдар оңдолот. Ошондой эле, суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндердин курулушу арбын болот. Эскерте кетейин, өзгөчө район акимдери былтыркыдай Аламүдүн, Сокулук райондорундагыдай маселелер болбосун, эгер кайталанса жеке жооп бересиздер. Сугаруу иштери башталганга чейин тиешелүү сунуштарды киргизип, активдүү иш алып баргыла. «Элдик курулуш» ыкмасы аркылуу  чарба аралык  объекттерди оңдогула, мындан тышкары дыйкандар бириккен жерлерге сууну жеткирүү приоритет болот», – деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM