Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 75 орундуу төрөт үйдүн курулушу башталды

Кыска кабар | 14 Янв 2024 | 93 | 0

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, имарат 75 аялга ылайыкталып, 4 төрөт залы болот.

Капсула салуу иш-чарасына облус башчысы Абсаттар Сыргабаев менен ЖК депутаты Айбек Маткеримов катышкан. Алар борбордун курулушу төрөт кызматтарын жакшыртарына ишеним артышты.

Облустук оорукананын жетекчиси Кумарбек Ботокараевдин айтымында, перинаталдык борборго бюджеттен 220 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ал 75 аялга ылайыкталып, 4 төрөт залы, чоңдор жана балдар үчүн бир-бирден өзүнчө реанимациялык блок болмокчу. Курулуш ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында бүтөрүн айтышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM