Биз менен байланышыңыз

Zagreb Open: Айпери Медет кызы алтын алды

Кыска кабар | 14 Янв 2024 | 167 | 0

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Zagreb Open биринчи рейтингдик турниринде алтын медалга ээ болду.

Балбан Айпери Медет кызы финалдык беттеште кытайлык Хуан Ван менен кез келип, аны 2:1 эсебинде жеңип чыкты.

Мелдеш 10-14-январь күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жатат.

76 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып жаткан Айпери Медет кызы мелдештин 1/16 финалынан тарта катышып, ал россиялык Рита Талисманова, канадалык Жюстина Ди Стасио, америкалык Аделайн Грей, франциялык Полин Лекарпентти жеңип, финалга жолдомо алган.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дагы Zagreb Open рейтингдик турниринде алтын медаль уткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM