Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев быйыл да суу тартыш болорун айтты

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 231 | 0

Кыргызстанда кургакчыл климатка байланыштуу быйыл да суу тартыш болушу мүмкүн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү иштеринин алкагында өткөрүлгөн жыйында айтты.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер катышты.

Төрөбаевдин маалыматына караганда, 2024-жылга 540 чакырым канал оңдолот. Ошондой эле, суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндери курулат.

«Эскерте кетейин, өзгөчө район акимдери былтыркыдай Аламүдүн, Сокулук райондорундагыдай маселелер болбосун, эгер кайталанса, жеке жооп бересиздер. Сугаруу иштери башталганга чейин тиешелүү сунуштарды киргизип, активдүү иш алып баргыла. «Элдик курулуш» ыкмасы аркылуу  объекттерди оңдогула, мындан тышкары дыйкандар бириккен жерлерге сууну жеткирүү приоритет болот», – деди Бакыт Төрөбаев.

Министр 5-январда Чүй облусунун ирригациялык системасынын абалын жакшыртуу боюнча көчмө жыйын өткөрүп, Панфилов, Москва, Сокулук, Аламүдүн райондорундагы бир катар ирригациялык объектилердин абалын көрүп чыккан. №2 суу сактагычын толтуруу үчүн 6 скважинаны калыбына келтирүү ишин тез арада бүтүрүү тапшырмасын берген.

Анда Төрөбаев ирригация тармагын жакшыртууга мамлекеттик бюджеттен кошумча 2 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүнөрүн айткан.

Акыркы жылдары суу тартыштыгы дыйкандарды бир топ түйшүккө салып келет. 2022-жылы сугат суунун жетишсиздигинен улам көптөгөн кыйынчылыктар жаралып, түшүм күткөндөн аз алынып, дыйкандар өкмөт үйүнө чейин барышкан.

Өлкөдөгү ички суу чарба каналдарынын 35%ы гана жарактуу. Мунун 90 пайыздан ашыгы Дүйнөлүк банк аркылуу оңдолгон каналдар, калганы союз мезгилинен бери оңдоло элек. Каражаттын жетишсиздигинен акыркы 20 жылда бир да канал капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Болгону тазалоо иштери гана жүргүзүлүп, суу берилип келген.

Чүйдүн дыйкандары суу тартыштыгынан эгин күйүп кеткенин айтышты

Copyright © 2017 Maral FM