Биз менен байланышыңыз

Депутат «мигрант» деген сөздү колдонбоого чакырды

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 282 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев Кыргызстандын сыртында жашап, эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарга карата «мигрант» деген сөздү колдонбоого чакырды.

Ал парламенттин 11-январдагы жыйынында «мигрант» деп айтпай, «чет өлкөдө иштеп жаткан кесиптештерибиз» деп кайрылууну сунуштады.

«Декабрь айында чет өлкөдө жашап, эмгектенип жаткан мекендештерибиз менен жолугуштум. Алар: биздин Элдик курултайга келишкен делегаттар. Ал жолугушууга депутаттар Шайлообек Атазов, Нуржигит Кадырбеков да катышты. Мен ушул жерден баса белгилеп айтып кетейин, мындан ары мигрант деген сөздү колдонбосок, «биздин чет өлкөдө иштеп жаткан кесиптештерибиз» деп кайрылсак. Жолугушууда алардын көйгөйлөрү, өлкөнү өнүктүрүү боюнча баарлаштык», — деди депутат Абдалиев.

Президент: Мигранттар өлкө экономикасына баа жеткис салым кошууда

Орусиянын экономика министрлиги өкмөткө караштуу аналитикалык борбордун маалыматына таянып билдиргендей, 2022-жылы Орусиянын аймагына ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуш издөө максатында 1 млн 700 миң адам барган. Анын дээрлик 1 миллионго жакыны Кыргызстандын жарандары.

Өлкөнүн бюджетине быйыл мигранттардан 229 млн сом түштү

Copyright © 2017 Maral FM