Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн бюджетине быйыл мигранттардан 229 млн сом түштү

Коом , Экономика | 19 Дек 2023 | 973 | 0

Өлкөнүн бюджетине быйыл мигранттардан 229 млн сом түштү. Ал эми план боюнча 200 млн сом күтүлгөн. Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалыматына караганда быйылкы жылга чет элдиктер үчүн 16 миң 610 эмгек квотасы бөлүнүп, анын 98,5 пайызы колдонулган. Ошондой эле президент мигранттар өлкө экономикасына баа жеткис салым кошуп жатканын белгилеп, мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Бүгүнкү күндө чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар үчүн кандай шарттар түзүлгөн? Ошол эле учурда мигранттар көбүнчө кандай көйгөйлөргө туш болушат?

Кыргызстанда бүгүн Мигранттардын эл аралык күнү белгиленип жатат.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде 18-декабрь Эл аралык мигранттар күнү катары аныкталган.

Кыргызстан 2003-жылы тиешелүү мыйзамды кабыл алуу менен Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кошулуп, Эл аралык мигранттар күнүн белгилеп келет.

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин Миграция маселеси боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жыпара Мамбетова быйыл миграция тармагындагы 7 мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.

Ошондой эле ал быйыл «Мекен-карт» улуттук долбоору ишке киргенин белгиледи.

Буга чейин 38 адам «Мекен-карт» статусуна ээ болду. Алар Орусия, Катар, Германия, Бельгия, Австрия, Түркия, Түркмөнстан жана Кореянын жарандары.

«Ушул жылда аткарылган иш-чаралардын эң негизгилеринин бири бул «Мекен-карт» улуттук долбоору. Долбоор 13-марттан баштап ишке кирген. Аны мурда Кыргызстандын жарандыгында турган, азыркы учурда башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдар, алардын балдары, неберелери ала алышат. Аларга бир топ жеңилдиктер каралган. Ошондой эле биз чет өлкөдөгү коомдук өкүлдөр менен да тыгыз иш алып барабыз. Бул боюнча министрликтин жобосу бекитилген. Ошого ылайык, жыл башынан бери 105 адамга коомдук өкүл күбөлүгүн бердик. Чет өлкөдө иштеп жаткан министрликтин өкүлдөрү жетишсиз. Айрыкча Орусияда жетишсиз болгондуктан, коомдук өкүлдөрдүн жардамы аябай жардам берет».

Президент Садыр Жапаров Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Ал мигранттар өлкө экономикасына баа жеткис салым кошуп келе жатканын белгиледи.

Жапаровдун айтымында, бара-бара эмгек миграциясынын агымы диверсификацияланат жана пайдалуу экономикалык шарттар, укуктук жана социалдык кепилдиктер менен камсыз кылынат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Манас Жолдошбеков билдиргендей, бүгүнкү күндө Орусияда расмий 408 миң кыргызстандык мигрант бар.

Айтуусунда, мыйзам чегинде иштеп жүргөн кыргызстандыктарга бардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле мыйзамсыз жүргөндөр да көп.

Мындан тышкары элчиликтин өкүлү мигранттардын арасында кылмыштуулук көбөйүп, түрмөдө отурган кыргызстандыктардын саны өсүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө мигранттар элчиликке кандай маселелер менен көп кайрыларын айтып берди.

«Орусияда мигранттардын саны көп. Ошондуктан кайрылгандар да көп. Көп учурда мыйзамсыз миграциялык каттоодо тургандар кайрылышат. Себеби текшерүү учурунда билинип калат. Бизге кайрылып жардам сурашат. Жасалма эмгек келишимдерин түзүп алышат. Анын кесепетинен бир топ көйгөйлөр жаралат. Айып салынат. Ал эми экинчи жолу кармалса депортация болот. Ошондой эле мигранттардын арасында кылмыштуулук да өсүп жатат. Кылмыш ишине шектелип кармалган жарандар укуктук жардам сурап бизге кайрылышат».

2019-жылы Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспора маселелери боюнча атайын кеңеш түзүлгөн. Кеңеш чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерин иликтеп, керектүү сунуштарды өз убагында иштеп чыгуу менен тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүүгө көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Азыркы тапта 20дан ашуун өлкөдө аталган кеңештин 85 өкүлү иштейт. Алар Жогорку Кеңешке эле эмес, элчиликтерге, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, чет жердеги мекендештерге, айрыкча эмгек мигранттарына керектүү жардамдарды көрсөтүп келет.

Ал эми Москвадагы «Ноокат» коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов мигранттарга Орусияда иштөө мурдагыга салыштырмалуу кыйла жеңилдегенин белгиледи.

Ошол эле учурда ал бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келген көйгөйлөргө токтолду.

«Мамлекеттин милдети мигранттардын жакшы иштешине шарт түзүү эмес. Мигрант болбой эл өзү мекенинде иштегени жакшы эле. Биз Кыргызстандык айдоочулук күбөлүк менен иштей алабыз. Орусияда кыргызстандык айдоочулук күбөлүк жарайт. Ошондой эле бизге медициналык камсыздандыруу бекер. Учурда убактылуу каттоого туруу боюнча көйгөйлөр жаралууда. Былтыр бул боюнча аябай чоң көйгөй жаралды. Биз ызылдап чыктык. Мамлекет эч кандай жардам берген жок. Өзүбүз бир амалын таап, бул маселени чечтик».

«Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыкка ылайык, 2021–2030-жылдарга өлкөнүн миграция саясатынын концепциясы бекитилген. Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу менен миграция агымын жараткан факторлорду жумшартуу аракеттери көрүлүүдө.

Өлкөдөн тышкары жүргөн мекендештердин, өлкө аймагында турган иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо аркылуу миграциялык потенциалды өлкө кызыкчылыгына багыттоо жаатында да жылыштар бар экени белгиленет.

Copyright © 2017 Maral FM