Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футболчулары Вьетнамдын командасын утту

Кыска кабар , Спорт | 10 Янв 2024 | 581 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Вьетнамдын футболчуларын 2:1 эсебинде жеңди.

Жолдоштук беттеш кечээ, 9-январда Дохадагы Al Egla стадионунда Азия Кубогуна даярдыктын алкагында өттү.

Беттештин 31-мүнөтүндө Кожо Жоэл оюндун эсебин ачты. Ал эми атаандаштар оюндун 63-мүнөтүндө эсепти теңөөгө жетишти. Бирок Айзар Акматов жооптук гол киргизип, кайрадан команданы алдыга алып чыкты. Ошентип оюн 2-1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.

Команданын 2023-жылкы Азия Кубогунда старттык оюну 16-январда Таиландга каршы өтөт.

Буга чейин Кыргызстандын курамасы Өзбекстан (1:4), БАЭ (0:1) жана Сирия (1:1) менен үч сыноо оюнун өткөргөн.

Азия Кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. Улуттук курама D тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM