Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Хорватияда рейтингдик мелдешке катышат

Кыска кабар , Спорт | 9 Янв 2024 | 571 | 0

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтө турган ZAGREB OPEN рейтингдик мелдешине катышат.

Мелдеш 10-14-январь күндөрү өтөт.

Курама командада Айсулуу Тыныбекова, Нурзат Нуртаева, Айпери Медет кызы бар. Аларды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектеп барат.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде 12-январда килемге чыгат. Бул категорияга жалпысынан 27 спортчу, анын ичинде жапониялык Сакура Мотоки, орусиялык Алина Касабиева жана АКШдан Кайла Миракл бар.

Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун финалында Мотокини жеңип, 2023-жылы жайында Поддубный күрөш лигасынын турниринде Касабиевага утулуп калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM