Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтө турган ZAGREB OPEN рейтингдик мелдешине катышат.
Мелдеш 10-14-январь күндөрү өтөт.
Курама командада Айсулуу Тыныбекова, Нурзат Нуртаева, Айпери Медет кызы бар. Аларды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектеп барат.
Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде 12-январда килемге чыгат. Бул категорияга жалпысынан 27 спортчу, анын ичинде жапониялык Сакура Мотоки, орусиялык Алина Касабиева жана АКШдан Кайла Миракл бар.
Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун финалында Мотокини жеңип, 2023-жылы жайында Поддубный күрөш лигасынын турниринде Касабиевага утулуп калган.